КР Өкмөтүнүн «Бюджеттик мекемелердин „Кыргызэнерго“ акционердик коомуна жана Кыргызжилкоммунсоюзга карыздарын жөнгө салуу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2001-08-27.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 27-августу № 486 Бюджеттик мекемелердин "Кыргызэнерго" акционердик коомуна жана Кыргызжилкоммунсоюзга карыздарын жөнгө салуу жөнүндө
Отун-энергетика комплексинин ишканаларын финансылык жактан оңдоо жана республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланчу ишканалар менен мекемелердин карыздарын жөнгө салуу, ошондой эле 2001-2002-жылдардын күзгү-кышкы мезгилдеринен ийгиликтүү чыгууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланчу мекемелердин керектелген электр жана жылуулук энергиялары үчүн карыздарын жоюуга зарыл каражаттарды тапсын жана "2001-жылга республикалык бюджет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө аныкталган тартипте сунуштарды киргизсин.
- "2001-жылга республикалык бюджет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин 151 млн сом өлчөмүндө өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзсүн, алар:
"Кыргызэнерго" акционердик коому менен бюджеттик мекемелердин ортосунда алардын керектеген электр жана жылуулук энергиялары үчүн карыздарын жоюу боюнча жана "Кыргызэнерго" акционердик коомунун бюджетке төлөмдүк карыздарын жоюу боюнча; Кыргызжилкоммунсоюздун "Кыргызэнерго" акционердик коомуна карызын бюджеттик мекемелердан керектелген электр жана жылуулук энергиялары үчүн Кыргызжилкоммунсоюзга карыздарын төлөөнүн эсебинен жоюу боюнча жана "Кыргызэнерго" акционердик коомунун бюджетке төлөмдүк карызын жоюу боюнча "Кыргызэнерго" акционердик коому менен Кыргызжилкоммунсоюздун ортосунда.
2. Бул токтом боюнча өз ара эсептешүүлөр бюджеттик мекемелер үчүн электр жана жылуулук энергияларын керектөөгө аныкталган лимиттердин чектеринде гана жүргүзүлүшү керектиги белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана кен иштетүү тармагы бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2001 годЗакон · 09.03.2001 · № 28
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9