Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Евразия экономикалык коомдоштугунун Артыкчылыктар жана иммунитеттер жөнүндө 2001-жылдын 31-майындагы Конвенциясын ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 27-августу № 482 "Евразия экономикалык коомдоштугунун Артыкчылыктар жана иммунитеттер жөнүндө 2001-жылдын 31-майындагы Конвенциясын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Евразия экономикалык коомдоштугунун Артыкчылыктар жана иммунитеттер жөнүндө 2001-жылдын 31-майындагы Конвенциясынын 51-статьясында каралгандай, мамлекеттик ички процедураларды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Евразия экономикалык коомдоштугунун Артыкчылыктар жана иммунитеттер жөнүндө 2001-жылдын 31-майындагы Конвенциясын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Л.А.Иманалиева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
К.Бакиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Евразия экономикалык коомдоштутунун Артыкчылыктар
жана иммунитеттер жөнүндө 2001-жылдын
31-майындагы Конвенциясын
ратификациялоо тууралуу
1-статья. Евразия экономикалык коомдоштугунун Артыкчылыктар жана иммунитеттер жөнүндө 2001-жылдын 31-майындагы Конвенциясы ратификациялансын.
2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык коомдоштугунун депозитарийи болгон Интеграциялык Комитетине ратификациялоо грамотасын депонирлесин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- Конвенция о привилегиях и иммунитетах Евразийского экономического сообществаКонвенция · 31.05.2001
- О ратификации конвенции о привилегиях и иммунитетах Евразийского экономического сообщества от 31 мая 2001 годаЗакон · 10.04.2002 · № 55
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон