Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттик тил жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 21-августу № 468 "Мамлекеттик тил жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Мамлекеттик тил жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктун жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик тил жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр
К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы
А.Э.Эркебаевге
"Мамлекеттик тил жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Корутундусу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Б.Асанов тарабынан киргизилген "Мамлекеттик тил жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, анын кабыл алынышына төмөнкүдөй негиздер боюнча макулдук бере албайт. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорунда 9-статья, 13-статья, 16-статьянын экинчи бөлүгү, 24-статьянын 3, 4-бөлүгү, 26-статьянын 4, 7-абзацтары Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын тил жөнүндө мыйзамдарында карама-каршы келет. Киргыз Республикасынын Конституциясынын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасы анын калкы колдонгон орус тилинин жана башка бардык тилдердин сакталышын, тең укуктуулугун жана эркин өнүгүшүн, колдонулушун гарантиялайт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-статьясынын 3-пунктуна ылайык мамлекеттик тилди билбегендигин же сүйлөй албагандыгынын белгилери боюнча граждандардын укуктары менен эркиндиктерин кысымга алууга жол берилбейт. Мындан тышкары Мыйзам долбоорунда терминология, ономастика боюнча мамлекеттик комиссиялардын функциялары, ролу жана ыйгарым укуктары жетиштүү түрдө аныкталган эмес. "Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясынын жана 11-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун жана башка нормативдик-укуктук актыларынын долбоорлору эки тилде: мамлекеттик жана орус талдеринде даярдалып, нормативдик-укуктук актылар тиешелүү түрдө ушул тилдерде жарыяланат. Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкармалыктардын жана уюмдардын расмий аталыштары мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылат, ал эми мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын штамптары менен расмий мөөрлөрүнүн тексттери мамлекеттик тилде берилип, расмий тилде көчүрүлүп жазылат. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин тили кыргыз тил, айрым учурларда орус тили жана макулдашуучу тараптын (тараптар) башка тилдери болуп эсептелет. Экинчи жагынын макулдашуу боюнча эл аралык келишимдин тили катары башка тил тандалып алынышы мүмкүн. Андан сырткары Мыйзам долбоорунда терминология, ономастика боюнча мамлекеттик комиссиялардын функциялары, ролу жана ыйгарым укуктары жетиштүү эмес белгиленген. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 78-статьясына ылайык мыйзам актыларынын так жана бирдей түрдө аткарылышына көзөмөл өзүлөрүнүн компетенцияларынын чектеринде Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлөт. "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-статьясына ылайык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, мамлекеттик комиссиялардын жана башка аткаруу бийликтин борбордук органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айыл өкмөттөрүнүн бюджеттен тышкары фондуларын, ошондой эле ыктыярдуу кайрымдуулуктардын жана мүчөлүк акылардын эсебинен түзүлүүчү бюджеттик фонддорду уюштурууга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан башкасына тыюу салынат. Республикалык бюджеттин чыгымдарынан Мамлекеттик тил фондуна 1% бөлүү жылына 120 миллиондон ашуун сомду талап кылат, бул бюджеттик каражаттардын чектелген шартында мүмкүн эмес. Жогоруда көрсөтүлгөндөрдү көңүлгө алуу менен мыйзам долбоорунда негиздемеде келтирилген далилдер "Мамлекеттик тил жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ушул редакцияда кабыл алууга негиз боло албайт деп эсептейбиз.
Премьер-министр
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Об официальном языке Кыргызской РеспубликиЗакон · 29.05.2000 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөЗакон · 02.04.2004 · № 54 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон