# КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 9-августундагы № 421 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 9-августундагы № 421 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 421
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96427>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17185/edition/533009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96427.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 9-августундагы № 421 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96427

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 9-августу № 421 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундуга ылайык макулдук берилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Премьер-министр

К.Бакиев

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы А.Э.Эркебаевге

"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын

5-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын тобу сунуш кылган "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын преамбуласында бекемделген негиз болуучу конституциялык принциптерге дал келет жана өнүктүрөт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-статьясына сунуш кылынган өзгөртүү "Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алууга байланыштуу мыйзам ченемдүүлүктөн келип чыкты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү орус тилин расмий деңгээлде колдонууга конституциялык мүмкүнчүлук берүү региондун бардык улуттарынын өкүлдөрүнүн ортосунда өз ара достук мамилелерди андан ары чындоого көмөктөшүп, Кыргызстан элдеринин адам укуктары менен эркиндиктерине берилгенднганин иш жүзүндөгү күбөсү катары кызмат кылып, дүйнөлүк коомчулуктун XXI кылымга татыктуу киришине кеңири мейкиндиктерди ачат. Ошону менен катар эле бул Мыйзам долбоору негизги стратегиялык өнөктөшүбүз Россия менен Кыргызстандын салттык, саясий, социалдык-экономикалык жана маданий байланыштарын чыңдайт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун корутундусуна макулдугун жана бул мыйзам долбоорунун кабыл алышына каршы эместигин билдирет.

Премьер-министр

К.Бакиев
