# КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-июлундагы № 348 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2001-2005-жылдарда эквиваленттик негизде товарларды өз ара берүүлөр жөнүндө 2001-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган макулдашууну бекитүү жана ишке ашыруу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-июлундагы № 348 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2001-2005-жылдарда эквиваленттик негизде товарларды өз ара берүүлөр жөнүндө 2001-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган макулдашууну бекитүү жана ишке ашыруу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 348
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.07.2001
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96417>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17177/edition/531040/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96417.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.07.2001 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-июлундагы № 348 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2001-2005-жылдарда эквиваленттик негизде товарларды өз ара берүүлөр жөнүндө 2001-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган макулдашууну бекитүү жана ишке ашыруу тууралуу" токтому (13.07.2001 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96417

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 13-июлу № 348 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2001-2005-жылдарда эквиваленттик негизде товарларды өз ара берүүлөр жөнүндө 2001-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган макулдашууну бекитүү жана ишке ашыруу тууралуу

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-статьясына жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясына ылайык мамлекеттик ички процедураларды аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2001-2005-жылдарда эквиваленттик негизде товарларды өз ара берүүлөр жөнүндө 2001-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган макулдашууну ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2001-2005-жылдарда эквиваленттик негизде товарларды өз ара берүүлөр жөнүндө 2001-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички процедураларды Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министрлигине билдирсин.

3. "Кыргыз Республикасында тышкы соода иш-аракеттерин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2001-2005-жылдарда эквиваленттик негизде товарларды өз ара берүүлөр жөнүндө макулдашууну аткарууга жооптуу орган болуп дайындалсын.

4. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигине белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2001-2005-жылдарда эквиваленттик негизде товарларды өз ара берүүлөр жөнүндө макулдашуунун 1-статьясына ылайык оператор дайындоо укугу берилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратына тапшырылсын.

Премьер-министр

К.Бакиев
