# КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-июлундагы № 334 "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-июлундагы № 334 "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 334
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2001
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96413>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17173/edition/531030/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96413.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2001 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-июлундагы № 334 "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (10.07.2001 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96413

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 10-июлу № 334 "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Статистикалык туура маалыматты камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин жана анын аймактык органдарынын иштеринин натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.

2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары караган учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы З.И.Кудабаев (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

К.Бакиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Мамлекеттик статистика жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-статья.

"Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994. № 2, ст.57) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 8-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы областык, шаардык, райондук мамлекеттик статистика кызматтарынын жетекчилерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын макулдугусуз ишке дайындайт жана андан бошотот".

2-статья.

Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президент
