Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн “Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Катчылыгынын каржылык эрежелери боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 29-апрели № 243 “Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Катчылыгынын каржылык эрежелери боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
“Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Катчылыгынын каржылык эрежелери боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору; Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Катчылыгынын каржылык эрежелери боюнча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын финансы министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин
Катчылыгынын каржылык эрежелери боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Катчылыгынын каржылык эрежелери боюнча макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Катчылыгына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 28-майындагы № 4089-V ""2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин Катчылыгынын…Постановление · 28.05.2014 · № 4089-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 28-майындагы № 4090-V ""2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин Катчылыгынын…Постановление · 28.05.2014 · № 4090-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 28-майындагы № 4091-V ""2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин Катчылыгынын…Постановление · 28.05.2014 · № 4091-V
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- 2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин Катчылыгынын каржылык эрежелери боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндөЗакон · 31.05.2014 · № 84
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон