# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 222 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 «Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 222 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 «Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 222
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.04.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96406>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17167/edition/547111/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96406.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 222 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 «Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (18.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96406

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 733 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 18-апрели № 222 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 «Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 «Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди аткаруунун тартиби жөнүндө нускамада:

47-пункттун жыйырма бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «Көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын ээлеринин жалпы менчигине көп батирлүү үйдүн ичиндеги бирден ашык менчик ээсин тейлөөчү жайлар, үй ичиндеги тарамдар жана инженердик жабдуулар (подъезддер, вестибюлдер, батирлер аралык тепкичтер жана аянтчалар, тепкичтер, желдеткич жана лифт шахталары, батирден тышкары коридорлор, коридорлор, кургаткычтар, кир жуугуч бөлмөлөр, буюм сактагычтар, чатыр, техникалык кабаттар, жертөлөлөр, өткөөл шлюздар, таштанды камералары, таштанды түтүктөрү, шыйпаң, имараттын курулуш конструкциялары, башка көмөкчү жайлар жана башкалар), ошондой эле үйдүн жанындагы жер участоктору кирет.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
