# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 240 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-февралындагы № 78 “Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо” долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 240 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-февралындагы № 78 “Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо” долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 240
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96405>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17166/edition/1029413/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96405.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 240 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-февралындагы № 78 “Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо” долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (23.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96405

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 23-апрели № 240 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-февралындагы № 78 “Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо” долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кытай Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы “Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн Жеңилдетилген сатып алуучулук кредит - Кредиттик макулдашууга ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-февралындагы № 78 “Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо” долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын; “- Кредиттик линиянын пайдаланылбаган жана компенсацияланбаган балансынын суммасынан комиссиялык жыйым – жылдык 0,25 пайыз;

- күрөөлүк камсыздоосуз.”.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
