Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-февралындагы № 78 “Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо” долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 23-апрели № 240 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-февралындагы № 78 “Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо” долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кытай Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы “Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн Жеңилдетилген сатып алуучулук кредит - Кредиттик макулдашууга ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-февралындагы № 78 “Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо” долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын; “- Кредиттик линиянын пайдаланылбаган жана компенсацияланбаган балансынын суммасынан комиссиялык жыйым – жылдык 0,25 пайыз;
- күрөөлүк камсыздоосуз.”.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-февралындагы № 78 "Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо" долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 07.02.2014 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон