# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 238
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96400>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17162/edition/1123037/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96400.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96400

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 22-апрели № 238 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттиги жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдөрүн оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттиги болуп кайра түзүлсүн.

2. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо бекитилсин.

3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
