# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 231 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 “Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 231 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 “Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 231
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96394>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17156/edition/816620/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96394.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 231 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 “Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (23.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96394

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 21-апрели № 231 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 “Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Автоунаа каражаттарын кайра каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында, “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 “Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелеринде:

- 43-пунктта:

биринчи абзацтагы “милдеттүү түрдө” деген сөздөр алып салынсын; экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: “Транспорт каражаттарын кайра каттоо менчик ээсинин каалоосу боюнча каттоо жөнүндө күбөлүктү жана мамлекеттик номер белгисин алмаштырбастан ишке ашырылышы мүмкүн.”;

- 46-пункттун тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 74-пунктта:

“Башкы штабынын Маалымат башкармасындагы Криминалдык маалымат борборуна” деген сөздөр “Маалыматтык борборуна” деген сөздөр менен алмаштырылсын; “издөө боюнча инспектор же бул милдеттерди аткаруу функциясы жүктөлгөн кызматкер” деген сөздөр “бул милдеттерди аткаруу функциясы жүктөлгөн адис” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
