# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 225 "Сеул шаарында 2013-жылдын 19-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 225 "Сеул шаарында 2013-жылдын 19-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 225
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.04.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96390>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17152/edition/547087/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96390.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 225 "Сеул шаарында 2013-жылдын 19-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (18.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96390

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 18-апрели № 225 "Сеул шаарында 2013-жылдын 19-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында жана ''Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер жактырылсын:

- "Сеул шаарында 2013-жылдын 19-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Сеул шаарында 2013-жылдын 19-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык аталган мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Сеул шаарында 2013-жылдын 19-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууну рагификациилоо жөнүндө

1-берене. Сеул шаарында 2013-жылдын 19-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашуу ратификациялансын.

2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Корея Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасы ушул макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кабарласын.

3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
