# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.04.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96387>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17149/edition/547080/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96387.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому (18.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96387

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 18-апрели № 227 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоонун алкагында, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 12-июлундагы № 482 “Мыйзамсыз материалдык пайда алгандыгы үчүн жоопкерчилик жана аткаруу бийлиги органдарындагы кызматкерлерди социалдык жактан коргоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 270 “Өндүрүлүүчү жана ташылып келүүчү спиртке жана арак-шарап ичимдиктерине акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жана алуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 15-февралындагы № 68 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын кызматкерлеринин кызмат өтөөсү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 23-июнундагы № 345 “Кызматтык бош орунга конкурс боюнча тандап алууда эмгек келишимин түзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-февралындагы № 73 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
