# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 219 "«Баткен» аэропортуна эл аралык аэропорттун статусун берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 219 "«Баткен» аэропортуна эл аралык аэропорттун статусун берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 219
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.09.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96384>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17146/edition/1041315/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96384.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.09.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 219 "«Баткен» аэропортуна эл аралык аэропорттун статусун берүү жөнүндө" токтому (04.09.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96384

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 18-апрели № 219 «Баткен» аэропортуна эл аралык аэропорттун статусун берүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 57-беренесинин 5-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын туризм тармагын андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Баткен шаарындагы «Баткен» аэропортуна эл аралык аэропорттун статусу берилсин.

2. Баткен облусунун Баткен шаарындагы «Баткен» эл аралык аэропортунда көп тараптуу, сутка бою иштөөчү иш режиминдеги, эл аралык учууларды аткарууга укугу бар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү “Баткен - аэропорт” өткөрүү пункту (мындан ары - “Баткен - аэропорт” өткөрүү пункту) орнотулсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Баткен шаарынын мэриясынын, Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн катышуусу менен «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомуна «Баткен» эл аралык аэропортун кеңейтүү жана модернизациялоо үчүн жер участогун бөлүп берүү маселесин карасын.

4. «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомуна «Баткен» эл аралык аэропортунда чек аралык, бажылык, санитардык-карантиндик, ветеринардык, фитосанитардык жана баңги затка каршы контролдоо үчүн жай бөлүп берүү жана техникалык жактан жабдуу сунушталсын.

5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги «Баткен» эл аралык аэропортунда контролдун тийиштүү түрлөрүн ишке ашыруу үчүн аймактык бөлүмдөрдү түзүү маселесин иштеп чыгышсын.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна «Баткен - аэропорт» өткөрүү пунктун Кыргыз Республикасынын аэропортторундагы эл аралык аба катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын тизмесине кошуу жагына толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министр

Дж. Оторбаев
