# КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 9-июлундагы № 326 "И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетине караштуу Мамлекеттик тил жана маданият институтун түзүү тууралу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 9-июлундагы № 326 "И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетине караштуу Мамлекеттик тил жана маданият институтун түзүү тууралу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 326
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.07.2001
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96383>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17145/edition/530972/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96383.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2001 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 9-июлундагы № 326 "И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетине караштуу Мамлекеттик тил жана маданият институтун түзүү тууралу" токтому (09.07.2001 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96383

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 9-июлу № 326

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик

педагогикалык университетине караштуу Мамлекеттик тил жана маданият институтун түзүү тууралу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 20-сентябрындагы "2000-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү программасы жөнүндө" Указын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетке караштуу Мамлекеттик тил жана маданият институту филология факультетинин базасында түзүлсүн.

2. Мамлекеттик тип жана маданият институту И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университеттин Камская көч., 10 дарегиндеги "Б" окуу корпусуна жайгаштырылып, 2002-жылдын августунан тартып "А" корпусуна көчүрүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги 2001-2002-окуу жылынан тартып Мамлекеттик тал жана маданият институту үчүн жыл сайын 50 орунга студенттерди кабыл алуу эсебинен бюджеттик каражат бөлүштүрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-мартындагы "Мамлекеттик тал жана маданият институтун түзүү жөнүндө" № 99 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

К.Бакиев
