# КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 7-июлундагы № 324 "Нарын областынын Ак-Талаа районундагы "Осоавиахим" айылын Чолок-Кайың айылы деп өзгөртүү жана Жерге-Тал жана Чолок-Кайың айылдарын Кыргыз Республикасынын Нарын областындагы Ак-Талаа районунун Коңорчок айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Жерге-Тал айыл кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 7-июлундагы № 324 "Нарын областынын Ак-Талаа районундагы "Осоавиахим" айылын Чолок-Кайың айылы деп өзгөртүү жана Жерге-Тал жана Чолок-Кайың айылдарын Кыргыз Республикасынын Нарын областындагы Ак-Талаа районунун Коңорчок айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Жерге-Тал айыл кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 324
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.07.2001
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96381>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17143/edition/1147234/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96381.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2001 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 7-июлундагы № 324 "Нарын областынын Ак-Талаа районундагы "Осоавиахим" айылын Чолок-Кайың айылы деп өзгөртүү жана Жерге-Тал жана Чолок-Кайың айылдарын Кыргыз Республикасынын Нарын областындагы Ак-Талаа районунун Коңорчок айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Жерге-Тал айыл кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому (07.07.2001 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96381

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 7-июлу № 324 "Нарын областынын Ак-Талаа районундагы "Осоавиахим" айылын Чолок-Кайың айылы деп өзгөртүү жана Жерге-Тал жана Чолок-Кайың айылдарын Кыргыз Республикасынын Нарын областындагы Ак-Талаа районунун Коңорчок айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Жерге-Тал айыл кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бөлүнүшүн оптималдаштыруу максатында жана Нарын областтык, Ак-Талаа райондук жана Коңорчок айыл кеңештеринин Нарын областынын Ак-Талаа районундагы "Осоавиахим" айылын Чолок-Кайың айылы деп өзгөртүү жана Жерге-Тал жана Чолок-Кайың айылдарын Кыргыз Республикасынын Нарын областындагы Ак-Талаа районунун Коңорчок айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Жерге-Тал айыл кеңешин түзүү жөнүндө чечимдерин көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Нарын областынын Ак-Талаа районундагы "Осоавиахим" айылын Чолок-Кайың айылы деп өзгөртүү жана Жерге-Тал жана Чолок-Кайың айылдарын Кыргыз Республикасынын Нарын областындагы Ак-Талаа районунун Коңорчок айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Жерге-Тал айыл кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.

2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынындагы турактуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси Т.Т.Токторбаев ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

К.Бакиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Нарын областынын Ак-Талаа районундагы "Осоавиахим"

айылын Чолок-Кайың айылы деп өзгөртүү жана Жерге-Тал

жана Чолок-Кайың айылдарын Кыргыз Республикасынын

Нарын областындагы Ак-Талаа районунун Коңорчок

айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын

базасында Жерге-Тал айыл кеңешин

түзүү жөнүндө

1-статья.

Нарын областынын Ак-Талаа районундагы "Осоавиахим" айылы Чолок-Кайың айылы деп кайра аталсын.

2-статья.

Жерге-Тал жана Чолок-Кайың айылдары Коңорчок айыл кеңешинин курамынан чыгарылсын.

3-статья.

Нарын областынын Ак-Талаа районунда Жерге-Тал айыл кеңеши түзүлүп, ага Жерге-Тал жана Чолок-Кайың айылдары киргизилсин.

4-статья.

Жерге-Тал айыл кеңешинин административдик-борбору болуп Чолок-Кайың айылы белгиленсин.

5-статья.

Коңорчок айыл кеңешинин эсепке алуу маалыматтарынан Жерге-Тал жана Чолок-Кайың айылдары чыгарылсын.

6-статья.

Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Коңорчок жана Жерге-Тал айыл кеңештеринин чектеринин баяндап-сүрөттөлүшү бекитилсин.

7-статья.

Бул мыйзам жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
