Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН «»Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2003-12-30.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2003-жылдын 30-декабры № 828 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Адилет министринин биринчи орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарында каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Н.Танаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 1-статья. "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1996-ж., N 7, 101-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 28-статьяда:
- биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 11-статьясынын 4-пунктунда каралгандан башка учурларда жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешелүү нормативдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкерликти жөнгө салган нормативдик укуктук актылардын долбоорлору укук чыгаруу органынын расмий сайтында жайгаштыруу аркылуу коомдук талкуу үчүн милдеттүү түрдө жарыяланышы керек. Укук чыгаруу органынын расмий сайты жок болгон учурда укук чыгаруу органынын чечими боюнча, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда нормативдик укуктук актылар жалпыга маалымдоо каржаттарында жарыяланат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи, үчүнчү бөлүктөр менен толукталсын:
"Кызыкдар жактардын сунуштары жана пикирлери укук чыгаруу органынын расмий сайтына же жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган учурдан тартып эки айлык мөөнөт ичинде берилет. Келип түшкөн сунуштар жана эскертүүлөр укук чыгаруу органы тарабынан долбоорду толуктап иштеп чыгууда каралууга тийиш. Мында кабыл алынган жана четке кагылган сунуштар, четке кагуунун себептери жөнүндө маалымкат даярдалат. Нормативдик-укуктук актыларды ушул мезгилден кийин гана андан ары жылдыруу мүмкүн.";
- экинчи бөлүк төртүнчү деп саналсын.
2. 44-статьянын алтынчы бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ишкерликти жөнгө салган мыйзамдар расмий жарыяланган учурдан тартып үч айдан эрте эмес күчүнө кирет.".
3. 46-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Нормативдик укуктук акт ал күчүнө киргенге чейин пайда болгон мамилелерге колдонулбайт. Бул статьянын биринчи бөлүгүнүн эрежелерине сыйбаган учурлар нормативдик укуктук актынын же анын бөлүгүнүн өзүндө же нормативдик укуктук актыны ишке киргизүү жөнүндө актыда өткөн учурларга карата колдонулаары жөнүндө каралган, ошондой эле укук бузгандык үчүн мурда каралган жоопкерчиликти четтеткен же жумшарткан учурларда гана болот. Жарандардын, юридикалык жактардын жоопкерчилигин белгилөөчү же күчөтүүчү, жаңы милдеттерди жүктөөчү же алардын абалын начарлатуучу нормативдик укуктук актылардын өткөн учурга карата колдонулуучу күчү болбойт.". 2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Постановление Правительства КР от 30 декабря 2003 года №830 "О проекте Закона Кыргызской Республики «О внесении изменения и дополнения в Закон Кыргызской Республики «Об охране…Постановление · 30.12.2003 · № 830 · Күчүн жоготкон