# КР ӨКМӨТҮНҮН 2003-жылдын 2-июлунун № 403 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуу системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР ӨКМӨТҮНҮН 2003-жылдын 2-июлунун № 403 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуу системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 403
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2003
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96371>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17139/edition/1148600/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96371.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2003 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР ӨКМӨТҮНҮН 2003-жылдын 2-июлунун № 403 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуу системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндө" токтому (02.07.2003 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96371

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2003-жылдын 2-июлу № 403 Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуу системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндө Мамлекеттик сатып алуулар тармагында мыйзамдарды өркүндөтүү, институционалдык потенциалды жана мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жана ыкмаларын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2002-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Республикасында сатып алууларды баалоо боюнча Дүйнөлүк банктын отчетуна ылайык Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуу системасын өркүндөтүү боюнча тиркелген иш-чаралар планы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссия таламдаш министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуу системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планын өз убактысында аткарууну камсыз кылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, инвестициялар жана мамлекеттик менчик башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр:

Н.Танаев
