# КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-сентябрындагы № 430 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-сентябрындагы № 430 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 430
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.08.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96367>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17135/edition/707699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96367.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-сентябрындагы № 430 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (10.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96367

---

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2007-жылдын 21-сентябры № 430 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын "Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө" жана 2007-жылдын 26-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бажы төлөмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамада:

16-пунктундагы "бир минималдуу эмгек акы" деген сөздөр "бир эсептешүү көрсөткүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи абзацынын 36.5-пунктчасындагы "минималдуу эмгек акы" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Бажы брокери жөнүндө жобонун 7.2-пунктчасындагы "минималдуу эмгек акы" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-мартындагы № 123 токтому менен бекитилген Банктарды жана камсыздандыруу уюмдарын Банктардын жана камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизүүнүн тартиби жана шарттары боюнча, ошондой эле аны жүргүзүүнүн тартиби боюнча нускамага төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2.7-пунктунун 3-пунктчасынын төртүнчү абзацындагы "минималдуу эмгек акы өлчөмүндө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчү өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Бул токтом 2007-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

А. Атамбаев
