# КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 22-августундагы № 511 "Айыл чарба багытындагы жерлерди наркын баалоону (нормативдик баасы) аныктоонун тартибын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 22-августундагы № 511 "Айыл чарба багытындагы жерлерди наркын баалоону (нормативдик баасы) аныктоонун тартибын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 511
- Кабыл алынган күнү: 22.08.2000
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.02.2002
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96362>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17131/edition/983958/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96362.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 22-августундагы № 511 "Айыл чарба багытындагы жерлерди наркын баалоону (нормативдик баасы) аныктоонун тартибын бекитүү жөнүндө" токтому (04.02.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96362

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-февралындагы N 47 токтомуна ылайык күчүн жоготкон

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2000-жылдын 22-августу № 511 Айыл чарба багытындагы жерлерди наркын баалоону (нормативдик баасы) аныктоонун тартибын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 111-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл чарба багытындагы жерлерди наркын баалоону (нормативдик баасы) аныктоонун тиркелген тартиби бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствого жана анын жер-жерлердеги органдарына конкреттүү жер участокторун тооруктарда сатуу, мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жерди алып койгон учурларда чыгымдардын ордун толтурууда алардын нормативдик наркын аныктоо жүктөлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство жерди тооруктарда сатуу, мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жерди алып койгон учурларда чыгымдардын ордун толтурууда анын наркын (баасын) тактоо жөнүндө зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөэүнө сунуш киргизсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствого жүктөлсүн.

Премьер-министри

А. Муралиев
