# КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 21-августундагы № 506 "Жеке менчик секторун өнүктүрүү боюнча Ислам Корпорациясын түзүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 21-августундагы № 506 "Жеке менчик секторун өнүктүрүү боюнча Ислам Корпорациясын түзүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 506
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.08.2000
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96360>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17129/edition/540950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96360.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2000 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 21-августундагы № 506 "Жеке менчик секторун өнүктүрүү боюнча Ислам Корпорациясын түзүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" токтому (21.08.2000 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96360

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2000-жылдын 21-августу № 506 Жеке менчик секторун өнүктүрүү боюнча Ислам Корпорациясын түзүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу

2000-жылдын 15-майында Сауд Аравиянын Джидда шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюлган жеке менчик секторун өнүктүрүү боюнча Ислам Корпорациясын түзүү жөнүндө Макулдашууну карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Жеке менчик секторун өнүктүрүү боюнча Ислам Корпорациясын түзүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.

2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр-жай министри Т.Ш.Жунушалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

А. Муралиев

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Жеке менчик секторун өнүктүрүү боюнча Ислам

Корпорациясын түзүү жөнүндө Макулдашууну

ратификациялоо жөнүндө

1-статья. 2000-жылдын 15-майында Сауд Аравиянын Джидда шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюлган Жеке менчик секторун өнүктүрүү боюнча Ислам Корпорациясын түзүү жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр-жай министрлиги бул Макулдашуу ратификацияланганы тууралуу Ислам Өнүктүрүү Банкына билдирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
