Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Жеке менчик секторун өнүктүрүү боюнча Ислам Корпорациясын түзүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2000-жылдын 21-августу № 506 Жеке менчик секторун өнүктүрүү боюнча Ислам Корпорациясын түзүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2000-жылдын 15-майында Сауд Аравиянын Джидда шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюлган жеке менчик секторун өнүктүрүү боюнча Ислам Корпорациясын түзүү жөнүндө Макулдашууну карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жеке менчик секторун өнүктүрүү боюнча Ислам Корпорациясын түзүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр-жай министри Т.Ш.Жунушалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
А. Муралиев
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Жеке менчик секторун өнүктүрүү боюнча Ислам
Корпорациясын түзүү жөнүндө Макулдашууну
ратификациялоо жөнүндө
1-статья. 2000-жылдын 15-майында Сауд Аравиянын Джидда шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюлган Жеке менчик секторун өнүктүрүү боюнча Ислам Корпорациясын түзүү жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр-жай министрлиги бул Макулдашуу ратификацияланганы тууралуу Ислам Өнүктүрүү Банкына билдирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- О ратификации Соглашения об учреждении Исламской Корпорации по развитию частного сектораЗакон · 02.07.2001 · № 64