# КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 7-июлундагы № 323 "Терек жана Орто-Сырт айылдарын Баетов айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Терек айыл кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 7-июлундагы № 323 "Терек жана Орто-Сырт айылдарын Баетов айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Терек айыл кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 323
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.07.2001
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96350>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17122/edition/1147220/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96350.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2001 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 7-июлундагы № 323 "Терек жана Орто-Сырт айылдарын Баетов айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Терек айыл кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (07.07.2001 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96350

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 7-июлу № 323 "Терек жана Орто-Сырт айылдарын Баетов айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Терек айыл кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык бөлүнүшүн оптималдаштыруу максатында жана Нарын областтык, Ак-Талаа райондук жана Баетов айылдык кеңештеринин Терек жана Орто-Сырт айылдарын Баетов айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Терек айыл кеңешин түзүү жөнүндө чечимдерин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Терек жана Орто-Сырт айылдарын Баетов айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Терек айыл кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин.

2. Бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Т.Т.Токторбаев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынындагы туруктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси бул Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарында кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Премьер-министр

К.Бакиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Терек жана Орто-Сырт айылдарын Баетов айыл кеңешинин

курамынан чыгаруу жана алардын базасында

Кыргыз Республикасынын Нарын областынын

Ак-Талаа районундагы Терек айыл

кеңешин түзүү

жөнүндө

1-статья.

Терек жана Орто-Сырт айылдары Баетов айыл кеңешинин курамынам чыгарылсын.

2-статья.

Нарын областынын Ак-Талаа районунда Терек жана Орто-Сырт айылдары кирген Терек айыл кеңеши түзүлсүн.

3-статья.

Терек айыл кеңешинин администрациялык борбору болуп Терек айылы белгиленсин.

4-статья.

Терек жана Орто-Сырт айылдары Баетов айыл кеңешинин эсептик маалыматтарынан чыгарылсын.

5-статья.

Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Баетов жана Терек айыл кеңештеринин чек араларынын аныктамасы бекитилсин.

6-статья.

Бул Мыйзам жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
