Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Терек жана Орто-Сырт айылдарын Баетов айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Терек айыл кеңешин түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2001-07-07.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 7-июлу № 323 "Терек жана Орто-Сырт айылдарын Баетов айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Терек айыл кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык бөлүнүшүн оптималдаштыруу максатында жана Нарын областтык, Ак-Талаа райондук жана Баетов айылдык кеңештеринин Терек жана Орто-Сырт айылдарын Баетов айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Терек айыл кеңешин түзүү жөнүндө чечимдерин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Терек жана Орто-Сырт айылдарын Баетов айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Терек айыл кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин.
2. Бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Т.Т.Токторбаев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынындагы туруктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси бул Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарында кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр
К.Бакиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Терек жана Орто-Сырт айылдарын Баетов айыл кеңешинин
курамынан чыгаруу жана алардын базасында
Кыргыз Республикасынын Нарын областынын
Ак-Талаа районундагы Терек айыл
кеңешин түзүү
жөнүндө
1-статья.
Терек жана Орто-Сырт айылдары Баетов айыл кеңешинин курамынам чыгарылсын.
2-статья.
Нарын областынын Ак-Талаа районунда Терек жана Орто-Сырт айылдары кирген Терек айыл кеңеши түзүлсүн.
3-статья.
Терек айыл кеңешинин администрациялык борбору болуп Терек айылы белгиленсин.
4-статья.
Терек жана Орто-Сырт айылдары Баетов айыл кеңешинин эсептик маалыматтарынан чыгарылсын.
5-статья.
Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Баетов жана Терек айыл кеңештеринин чек араларынын аныктамасы бекитилсин.
6-статья.
Бул Мыйзам жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- О выводе сел Терек и Орто-Сырт из состава Баетовского айыльного кенеша Ак-Талинского района Нарынской области и образовании на их базе Терекского айыльного кенеша Ак-Талинского…Закон · 31.01.2002 · № 17
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9