# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-июлу № 456 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борборун түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-июлу № 456 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борборун түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 456
- Кабыл алынган күнү: 16.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.04.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96346>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17119/edition/547058/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96346.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-июлу № 456 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борборун түзүү жөнүндө" токтому (17.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96346

---

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-апрелиндеги № 217 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 16-июлу № 456 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борборун түзүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 730 токтомунун редакциясына ылайык) Саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык техникасын техникалык тейлөө жана ремонттоо системасын андан ары өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдында Медицина-техникалык борбор түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борбор (мындан ары - Борбор) жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Борборду юстиция органдарында мамлекеттик каттоону белгиленген тартипте жүргүзсүн жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 730 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
