Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндѳ» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 15-апрели № 214 «Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндѳ» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын юстиция министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар жѳнүндѳ» Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу
1-берене. Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар жѳнүндѳ» Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 102-бер.) тѳмѳнкүдѳй ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин:
1. 3-статьядагы «, башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана бөлөк укуктук ченемдик актылары, Кыргыз Республикасы тааныган жана ратификациялаган эл аралык актылар жана келишимдер» деген сѳздѳр «жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнѳ кирген эл аралык келишимдер» деген сѳздѳр менен алмаштырылсын.
2. 6-статьянын 2-бөлүгүндөгү «же түзбөстөн» деген сөздөр алып салынсын.
3. 9-статьядагы «Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына» деген сѳздѳр «юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга» деген сѳздѳр менен алмаштырылсын.
4. 11-статьяда:
1) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп эсептелсин;
2) 4-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикасы менен» деген сөздөр алып салынсын.
5. 16-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Коммерциялык эмес уюм Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте кайра уюштурулушу жана жоюлушу мүмкүн.».
6. 29-статьянын 2-бөлүгүндөгү экинчи сүйлѳм алып салынсын.
7. 35-статья күчүн жоготту деп эсептелсин.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн ѳткѳндѳн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 24 июня 2015 года № 5290-V "О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики…Постановление · 24.06.2015 · № 5290-V
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 3-мартындагы № 323-VI "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 03.03.2016 · № 323-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 30-мартындагы № 401-VI "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 30.03.2016 · № 401-VI
Шилтеме берет (4)
- Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөЗакон · 15.10.1999 · № 111
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- О государственной регистрации юридических лицЗакон · 12.07.1996 · № 39 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон