Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн “Бишкек шаарында 2014-жылдын 17-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо (Атайын операциялар) (БАРЭКтин (Бишкек-Ош автожолу) 3-коридорун өркүндөтүү боюнча долбоору, 4-фаза) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 14-апрели № 213 “Бишкек шаарында 2014-жылдын 17-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо (Атайын операциялар) (БАРЭКтин (Бишкек-Ош автожолу) 3-коридорун өркүндөтүү боюнча долбоору, 4-фаза) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- “Бишкек шаарында 2014-жылдын 17-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо (Атайын операциялар) (БАРЭКтин (Бишкек-Ош автожолу) 3-коридорун өркүндөтүү боюнча долбоору, 4-фаза) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2014-жылдын 17-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо (Атайын операциялар) (БАРЭКтин (Бишкек-Ош автожолу) 3-коридорун өркүндөтүү боюнча долбоору, 4-фаза) жөнүндө макулдашууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2014-жылдын 17-январында кол коюлган,
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы
Каржылоо (Атайын операциялар) (БАРЭКтин
(Бишкек-Ош автожолу) 3-коридорун өркүндөтүү боюнча долбоору, 4-фаза) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2014-жылдын 17-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо (Атайын операциялар) (БАРЭКтин (Бишкек-Ош автожолу) 3-коридорун өркүндөтүү боюнча долбоору, 4-фаза) жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 21-майындагы № 4048-V ""2014-жылдын 17-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы…Постановление · 21.05.2014 · № 4048-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 28-майындагы № 4070-V ""2014-жылдын 17-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы…Постановление · 28.05.2014 · № 4070-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 28-майындагы № 4071-V ""2014-жылдын 17-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы…Постановление · 28.05.2014 · № 4071-V
Шилтеме берет (3)
- 2014-жылдын 17-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Каржылоо (Атайын операциялар) (БАРЭК (Бишкек-Ош автожолу)…Закон · 13.06.2014 · № 88
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон