Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-июлундагы № 461 „Ачык типтеги „Текстильщик“ акционердик коомунун финансылык-экономикалык абалына турукташтыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 11 июля 2002 года № 467 "О задолженностях акционерных обществ "Текстильщик" и "Эдельвейс" по товарным кредитам"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2002-07-11.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-июлундагы № 467 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 7-июлу № 321 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-июлундагы № 461 "Ачык типтеги "Текстильщик" акционердик коомунун финансылык-экономикалык абалына турукташтыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Текстиль, өндүрүшүн айыл чарбалык өндүрүшчүлөрдүн карыз каражаттар боюнча аткарылбачу карыздарынын эсебинен пахта буласы менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-июлундагы № 461 "Ачык типтеги "Текстильщик" акционердик коомунун финансылык-экономикалык абалын турукташтыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- кириш бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы "2000-жылды" деген сөздөр "2000-2002-жылдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пунктундагы "2000-жылы" деген сөздөр "2000-2002-жылдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктундагы "2000-жылга" деген сөздөр "2000-2002-жылдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктундагы "которулган карызды кайтарып берүү боюнча төлөмдөрдү кийинкиге жылдыруу мөөнөтү - 2001-жылдын 1-октябрына чейин, каражаттарды кайтарып берүүнүн акыркы мөөнөтү - 2003-жылдын 1-октябры." деген сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"камдалган эгин боюнча которулган карызды кайрып берүү:
- 2000-жылы - төлөө мөөнөтүн 2001-жылдын 1-октябрына чейин жылдыруу менен, төлөөнүн акыркы мөөнөтү - 2003-жылдын 1-октябры;
- 2001-жылы - төлөө мөөнөтүн 2002-жылдын 1-октябрына чейин жылдыруу менен, төлөөнүн акыркы мөөнөтү - 2004-жылдын 1-октябры;
- 2002-жылы - төлөө мөөнөтүн 2003-жылдын 1-октябрына чейин жылдыруу менен, төлөөнүн акыркы мөөнөтү - 2005-жылдын 1-октябры".
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонду ачык типтеги "Текстильщик" акционердик коому менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-июлундагы № 461 токтомунун "Карыз каражаттар боюнча береселерин ачык типтеги "Текстильщик" акционердик коомуна пахта жана азык-түлүктүк буудай берүү менен жоюучу чарбакер субъекттердин тизмеси" деп аталган тиркемесинде каралган чарбакер субъекттердин тизмесин даярдалган азык-түлүк буудайдын көлөмүн бекитилген 40,0 млн сом суммасынын чегинде көрсөтүү менен тактасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигине тапшырылсын.
Премьер-министр
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-июлундагы № 467 "Текстильщик" жана "Эдельвейс" акционердик коомдорунун товардык кредиттер боюнча карыздары жөнүндө" токтомуПостановление · 11.07.2002 · № 467
- КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-июлундагы № 461 "Ачык типтеги "Текстильщик" акционердик коомунун финансылык-экономикалык абалын турукташтыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 31.07.2000 · № 461 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-июлундагы № 467 "Текстильщик" жана "Эдельвейс" акционердик коомдорунун товардык кредиттер боюнча карыздары жөнүндө" токтомуПостановление · 11.07.2002 · № 467
- КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-июлундагы № 461 "Ачык типтеги "Текстильщик" акционердик коомунун финансылык-экономикалык абалын турукташтыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 31.07.2000 · № 461 · Күчүн жоготкон