Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Дыйкан (фермердик) чарбасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 2-июлу № 313 "Дыйкан (фермердик) чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Дыйкан (фермердик) чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары караган учурда Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри А.В.Костюк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
К.Бакиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын "Дыйкан (фермер) чарбасы жөнүндө"
мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын "Дыйкан (фермер) чарбасы жөнүндө" мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 5-статьянын 7-пунктунда:
"мыйзамда" деген сөз "Кыргыз Республикасынын мыйзамында" деген сөздөр менен алмашылсын; "(кумду, топуракты, шагылды, ташты), чым көңдү," жана "жалпы негиздерде" деген сөздөр алынып ташталсын.
2. 7-статьяда:
1-пункттун 1-абзацында "(кум, топурак, шагыл, таш) деген сөздөр алынып ташталсын;
- "атайын мыйзамдар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары" деген сөздөргө алмашылсын.
1-пункттун 2-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жалпы таралган пайдалуу кендердин тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет." 2-пунктта "жалпы таралган майда запастардан тышкары пайдалуу кендер" деген сөздөр "жалпы таралган майда кендер менен катар пайдалуу кендер" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-статья.
Бул мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- О крестьянском (фермерском) хозяйствеЗакон · 03.06.1999 · № 47