# КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 23-июнундагы № 290 "Мамлекеттик менчиктештирүү фондунан каражаттарды убактылуу карыз алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 23-июнундагы № 290 "Мамлекеттик менчиктештирүү фондунан каражаттарды убактылуу карыз алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 290
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.06.2001
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96333>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17106/edition/1147178/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96333.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2001 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 23-июнундагы № 290 "Мамлекеттик менчиктештирүү фондунан каражаттарды убактылуу карыз алуу жөнүндө" токтому (23.06.2001 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96333

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 23-июну № 290 Мамлекеттик менчиктештирүү фондунан каражаттарды убактылуу карыз алуу жөнүндө

Тышкы карызды жоюу үчүн 2001-жылдын экинчи кварталында финансы ресрстарынын чектелгендигин эске алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 2-августундагы № 325 токтому менен бекитилген "Мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө" жобонун 5-пунктун жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин счетторуна топтолгон 20 млн. сом суммасындагы мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарын проценттерин эсептебей туруп 2001-жылдын 30-сентябрына чейинки мөөнөттө кайтарылуучу негизде убактылуу пайдаланууга уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети менен ушул токтомдун 1-пунктунда каралган шарттарда мамлекеттик менчиктештирүү фондунан каражаттарды убактылуу карыз алуу жөнүндө келишим түзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн каражаттарды Кыргыз Республикасынын тышкы карыздарын жоюу үчүн максаттуу багытталышы боюнча гана пайдалансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетине тапшырылсын.

Премьер-министр

К.Бакиев
