Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Мамлекеттик менчиктештирүү фондунан каражаттарды убактылуу карыз алуу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2001-06-23.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 23-июну № 290 Мамлекеттик менчиктештирүү фондунан каражаттарды убактылуу карыз алуу жөнүндө
Тышкы карызды жоюу үчүн 2001-жылдын экинчи кварталында финансы ресрстарынын чектелгендигин эске алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 2-августундагы № 325 токтому менен бекитилген "Мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө" жобонун 5-пунктун жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин счетторуна топтолгон 20 млн. сом суммасындагы мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарын проценттерин эсептебей туруп 2001-жылдын 30-сентябрына чейинки мөөнөттө кайтарылуучу негизде убактылуу пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети менен ушул токтомдун 1-пунктунда каралган шарттарда мамлекеттик менчиктештирүү фондунан каражаттарды убактылуу карыз алуу жөнүндө келишим түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн каражаттарды Кыргыз Республикасынын тышкы карыздарын жоюу үчүн максаттуу багытталышы боюнча гана пайдалансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетине тапшырылсын.
Премьер-министр
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 2 августа 1995 года N 325 "Об утверждении Положения о порядке использования средств государственного приватизационного фонда"Постановление · 02.08.1995 · № 325
- "Мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 14 токтому менен бекитилген)"Положение · 11.01.2014 · № 14
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.