# КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 3-январындагы № 2 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 3-январындагы № 2 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 236
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.09.2002
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96329>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17103/edition/527443/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96329.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.09.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 3-январындагы № 2 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (03.09.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96329

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-сентябрындагы № 603 токтомуна ылайык күчүн жоготкон

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 21-майы № 236 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 3-январындагы № 2 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 3-январындагы № 2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын структурасына жана штаттык санына тиркемеге ылайык өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын Жетекчиси:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын структуралык подразделениелеринин ортосунда функцияларды кайра бөлүштүрсүн жана киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен аларды жүргүзүү чөйрөсүнүн маселелерин аныктасын;

- бошогон кызматкерлерди ишке орноштурууга байланыштуу маселелерди белгиленген тартипте чечсин;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын жаңыдан түзүлгөн структуралык подразделениелери жөнүндө жобону бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын мамлекеттик кызмат, жергиликтүү мамлекеттик админисрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бөлүмүнө жана юридика бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министр

К.Бакиев
