КР Өкмөтүнүн «Нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык системасын түзүүнүн институционалдык негиздери жөнүндө Рамкалык Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 8-майы № 220 "Нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык системасын түзүүнүн институционалдык негиздери жөнүндө Рамкалык Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык системасын түзүүнүн институционалдык негиздери жөнүндө Рамкалык Макулдашуунун 15-статьясында каралган, анын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги процедураларды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык системасын түзүүнүн институционалдык негиздери жөнүндө Рамкалык Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри - Тышкы соода жана өнөр жай министри А.Ж.Сулайманкулов бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарында кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык
системасын түзүүнүн институционалдык негиздери
жөнүндө Рамкалык Макулдашууну
ратификациялоо
жөнүндө
1-статья
Нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык системасын түзүүнүн институционалдык негиздери жөнүндө Рамкалык Макулдашуу ратификациялансын.
2-статья
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Украина Республикасынын депозитарий болуп эсептелген Тышкы иштер министрлигине ратификация жөнүндө грамота жиберсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык системасын түзүүнүн институционалдык негиздери жөнүндө РАМКАЛЫК МАКУЛДАШУУ"Соглашение · 22.07.1999 · № 220