# КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-апрелиндеги № 149 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-апрелиндеги № 149 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.10.2002
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96325>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17101/edition/527431/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96325.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.10.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-апрелиндеги № 149 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын маселелери жөнүндө" токтому (30.10.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96325

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-октябрындагы № 729 токтомуна ылайык күчүн жоготкон

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 4-апрели № 149 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын маселелери жөнүндө

"Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрдагы Указын аткарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы жөнүндөгү тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги бир айлык мөөнөттүн ичинде салык кызматынын мамлекеттик кызматчыларынын жалпы штаттык санын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 8-сентябрындагы № 585 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 8-сентябрындагы № 585 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-февралындагы № 103 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын Өнүктүрүү жана материалдык көтөрмөлөө фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 260 токтомунун 3-пункту.

Премьер-министр

К.Бакиев
