# КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 23-мартындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Көзөмөл комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 23-мартындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Көзөмөл комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96323>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17099/edition/800655/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96323.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 23-мартындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Көзөмөл комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө" токтому (24.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96323

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 24-июну № 407 токтомуна ылайык кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 23-марты № 121 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Көзөмөл комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы "Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндө" Указынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Көзөмөл комиссиясынын тиркелген курамы бекитилсин.

2. Күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-апрелиндеги № 218 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Көзөмөл комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 10-августундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-апрелиндеги № 218 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Көзөмөл комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

Премьер-министр

К.Бакиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 23-мартындагы № 121 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Көзөмөл комиссиясынын

Курамы

Танаев Н.Т. - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы; Орозов А.К. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу иштери жана укук коргоо органдары боюнча бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын төрагасынын орун басары; Винникова Т.Г. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу иштери жана укук коргоо органдары боюнча бөлүмүнүн референти.

Комиссияныи мүчөлөрү:

Абдырахманов Ж.Т. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; Мейманалиев Т.С. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри; Акназарова Р.К. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министри; Шаршекеева К.Д. - Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министри.
