# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 475 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 475 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 475
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96308>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17096/edition/525970/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96308.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 475 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (08.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96308

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 751 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2006-жылдын 3-июлу № 475 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-октябрындагы № 638 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" 2006-жылдын 7-февралындагы № 49 Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-октябрындагы № 638 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 7 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы ушул токтомго тиркемеге ылайык редакцияда берилсин;

- 3-пунктта:

"747" деген цифра "1388" деген цифрага алмаштырылсын; "58" деген цифра "48" деген цифрага алмаштырылсын;

- токтом төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук уюмдары ээлеп турган Бишкек шаары, Манас проспекти, 28 дарегинде жайгашкан имараттагы жай ижара акысын алуусуз сакталсын.";

- токтомдун 6-пункту 7-пункт деп эсептелсин;

- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"- илимий-изилдөө, нормативдик укуктук документтерди иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү үчүн бирдиктүү фонд уюштуруу менен чарбалык эсептеги структураларды түзүү.".

Премьер-министри

Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 475 токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу СXЕМАСЫ

| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| ┌────────┐ Коллегия├───────────┼──────────┤Шаар куруу кеңеши └────────┘ | ┌─────────────────┐ └─────────────────┘ |  |  |  |
| Борбордук аппарат |  |  |  |  |
| ┌────────────────────────────┐ Шаар куруу жана архитектура- ┌┤курулуш көзөмөлү боюнча ├───┼───────┤башкармалыгы ┌┤ └─────────────────────────┬─┘ └──────────────────────────┘ ┌──────────────────────────┐ ┌────────────────────────────┐ ┌┤Курулуштагы сертификациялоо ├───┼───────┤боюнча Кыргыз илим-изилдөө └──────────────────────────┬─┘ └───────────────────────────┘ ┌──────────────────────────┐ ┌────────────────────────────┐ ┌┤Мамлекеттик экспертизалар └──────────────────────────┬─┘ └──────────────────────────┘ | ┌──────────────────────────┐ аймактык органдары └──────────────────────────┬─┘ республикалык борбору └──────────────────────────┘ башкармалыгы ├───┴───────┤институту | Сейсмотуруктуу курулуш Шаар куруу боюнча Кыргыз | Турак жай-жарандык курулуш └──────────────────────────┘ илим-изилдөө долбоорлоо | жана долбоорлоо институту |
