# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-июнундагы № 407 "Товарларды контролдук (латенттик) марка менен маркировкалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-июнундагы № 407 "Товарларды контролдук (латенттик) марка менен маркировкалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 407
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96304>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17092/edition/1251604/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96304.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-июнундагы № 407 "Товарларды контролдук (латенттик) марка менен маркировкалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96304

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2006-жылдын 5-июну № 407 "Товарларды контролдук (латенттик) марка менен маркировкалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Товарларды контролдук (латенттик) марка менен маркировкалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.

2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын директору көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

Ф. Кулов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Товарларды контролдук (латенттик) марка менен маркировкалоо жөнүндө

1-статья.

Контрафактылык товарлардын эсебин алууну өркүндөтүү, ошондой эле контрабандалык алып келүүнү жана жүгүртүүнү болтурбоо максатында товарларды контролдук (латенттик) марка менен маркировкалоо киргизилсин.

2-статья.

Товарларды контролдук (латенттик) марка менен маркировкалоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизме боюнча ишке ашырылат.

3-статья.

Товарларды контролдук (латенттик) марка менен маркировкалоону колдонууга берүү, эсепке алуу жана контролдоону төмөнкүлөр ишке ашырат:

- Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына алып келинген тизмеде көрсөтүлгөн товарлар боюнча, - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы;

- Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн тизмеде көрсөтүлгөн товарлар боюнча, - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы.

Кыргыз Республикасынын ички рыногундагы товарларда контролдук (латенттик) маркаларынын болушуна контролдукту ыйгарым укуктуу контролдоочу органдар ишке ашырат.

4-статья.

Контролдук (латенттик) марка маркировкалоону товарларды өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар жүргүзөт. Товарларды маркировкалоону колдонуу, контролдоо, эсепке алуу жана даярдоо тартиби, ошондой эле аларды киргизүүнүн шарттары жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Контролдук маркаларды алуунун, сактоонун, контролдоонун жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жободо аныкталат.

5-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү нормативдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүүнү камсыз кылсын жана аны ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.

6-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
