Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында статистикалык маалымат системасын андан ары өнүктүрүүнүн 2006-2009-жылдарга карата мамлекеттик программасы жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 30 сентября 2013 года № 530 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-09-30.
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 530 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2006-жылдын 15-марты № 163
Кыргыз Республикасында статистикалык маалымат системасын андан ары өнүктүрүүнүн 2006-2009-жылдарга карата мамлекеттик программасы жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик статистикалык маалымат системасын андан ары өркүндөтүү, түзүлүүчү социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн сапатын арттыруу, алардын ачык-айкындыгын, тууралыгын камсыздоо, ошондой эле статистиканы жалпы мамлекеттик жана эл аралык программаларды ишке ашырууга интеграциялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасында статистикалык маалымат системасын андан ары өнүктүрүүнүн 2006-2009-жылдарга карата мамлекеттик программасы (мындан ары - Программа) бекитилсин.
2. Программаны ишке ашыруунун координатору болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети аныкталсын (макулдашуу боюнча).
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери:
- Программада каралган иш-чаралардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыздашсын;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5-күнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетиие Программанын иш-чараларын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Программаны бюджетте каралган каражаттардын чегинде каржылоону камсыздасын.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри
Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-мартындагы № 163 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасында статистикалык маалымат системасын андан ары өнүктүрүүнүн 2006-2009-жылдарга карата МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
Баш сөз
1. Кыргыз Республикасында 2001-2005-жылдарда Статистиканы өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун негизги жыйынтыктары
2. Кыргыз Республикасында мамлекеттик статистиканы өнүктүрүүнүн жана натыйжалуулугун жогорулатуунун концептуалдык негиздери
3. Кыргыз Республикасында статистикалык маалымат системасын андан ары өнүктүрүүнүн 2006-2009-жылдарга карата мамлекеттик программасынын негизги багыттары
3.1. Мыйзамдык база
3.2. Статистиканын уюштурулушун өркүндөтүү
3.3. Экономикалык статистика
3.4. Социалдык статистика
4. Программаны каржылоо жана аткаруу мониторинги
5. Кыргыз Республикасында 2006-2009-жылдарда статистикалык маалымат системасын андан ары өнүктүрүү боюнча негизги программалык иш-чаралар
Баш сөз
Бул Программа улуттук статистиканын өнүгүшүнүн үчүнчү этабынын уландысы болуп эсептелет, Кыргыз Республикасында мамлекеттик статистиканын маалыматтык системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана андан ары өркүндөтүү максатында иштелип чыкты. Программа 2006-2009-жылдарга эсептелген, бирок, анын айрым багыттары кыйла узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ. Программада 2001-2005-жылдарда улуттук статистиканын өнүгүшүнүн жетишилген натыйжасына баяндама жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасында 2006-2009-жылдары статистикалык маалыматтык системаны андан аркы өнүктүрүүнүн кыска жана орто мөөнөттүү багыттары берилди. Программанын негизи болуп БУУнун Статистикалык комиссиясы кабыл алган "Расмий статистиканын негизги принциптери", Эл аралык Валюта Фондунун Маалыматтарды таркатуунун атайын стандарты, Европа Союзуна кирген мамлекеттердин, башка эл аралык экономикалык жана статистикалык уюмдардын статистикалык тажрыйбасында колдонулган методологиялык принциптер менен аныктамалар жана белгилүү эл аралык эксперттердин сунуштары эсептелет. Программада статистикалык көрсөткүчтөр системасын өркүндөтүүнүн негизги багыттары, өлкөнүн экономикалык, социалдык жана экологиялык стратегияларын, программаларын түзүү жана аларга баа берүү, ошондой эле улуттук статистика системасынын институттук потенциалын чыңдоо, уюштуруу структурасын өркүндөтүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу методологиясы тармагында эл аралык стандарттарды колдонуу боюнча иштерди системалаштыруунун жана координациялоонун негизги багыттары эсепке алынды.
1. Кыргыз Республикасында 2001-2005-жылдарда Статистиканы өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун негизги жыйынтыктары
Керектөөчүлөрдүн түрдүү категорияларына жана базар экономикасынын талаптарына багытталган, интеграцияланган маалыматтык статистика системасын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 11-декабрындагы N 731 токтому менен Кыргыз Республикасында 2001-2005-жылдарда статистиканы өнүктүрүү программасы бекитилген. Программаны ишке ашыруунун жыйынтыктары тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө дайыма маалымдалып турду, ал эми аткарылган иш чаралар төмөнкү прогресске жетишүүгө мүнкүндүк берди. Мамлекеттик статистиканын көз карандысыздык статусу мыйзамдуу түрдө бекемделди. Бийлик жана башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик статистиканы уюштуруу, жүргүзүү жана методологиясы боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашырууда мамлекеттик статистика органдарынын ишмердигине кийлигишүү болгон жок. Статистикалык маалыматтарды өз учурунда берүү жана тууралыгы үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жеке жоопкерчилиги аныкталды. Эл аралык аналогдорго салыштырылуучу негизги түшүнүктөр, стандарттар, классификациялар аныкталып, ишке киргизилди, статистикалык эсептин толуктугун камсыз кылууга, тандалма изилдөөлөрдү жүргүзүүгө зарыл болгон регистрлерди түзүүнүн жана актуалдаштыруунун негизги принциптери белгиленди, мамлекеттик статистика органдарынын бардык деңгээлдеги ведомстволук реестрлер менен өз ара байланыш тартиби аныкталды. Техника-экономикалык жана социалдык маалыматты коддоштуруу менен классификациялоонун бирдиктүү системасы өнүктүрүлдү. "Экономикалык ишмердиктин түрлөрү" классификатору жана "Продукциянын статистикалык классификатору" мамлекеттик деңгээлде бекитилди, бул республиканын экономикалык өнүгүшүн мүнөздөөчү статистикалык маалыматтарды эл аралык деңгээлде салыштырууну иштеп чыгууга жол берет. Оорулардын эл аралык классификациясын (ОЭК-10) статистикалык тажрыйбага киргизүүдөн улам калктын өлүмүнүн бир кыйла такталган себептери алынды. Ымыркай менен балдардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрү эл аралык критерийлерге ылайык келтирилди. Миң жылдыктын декларациясы тарабынан коюлган максаттарды өлчөө үчүн олкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн көрсөткүчтөр системасы иштелип чыгып, статистикалык тажрыйбага ишке киргизилди. Тандалма индикаторлорго туруктуу байкоо жүргүзүүнүн негизинде байланыштын электрондук каналдары боюнча 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасын Өнүктүрүүнүн комплекстүү негиздери жана Кедейликти кыскартуунунун улуттук стратегиясы (ККУС) программаларын ишке ашыруунун жүрүшүн мүнөздөөчү маалымат жыйналып, иштелип чыгып, топтолуп, өткөрүлүп берилет. Гендерлик белгиси боюнча статистика жана туризм статистикасы түзүлүп, бардык улуттук статистика системанын өнүгүшү менен тыгыз байланыштырылды, статистикалык маалыматтарды жыйноо жана иштеп чыгуу процессине интеграцияланды. 2002-2004-жылдарда айыл чарба, кызмат көрсөтүү жана туризм чөйрөлөрүндө өткөрүлгөн биринчи каттоолор бул тармактардагы түп тамырынан болгон өзгөртүүлөр, акыркы жылдарда аларда болгон структуралык өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берди, ошондой эле тандалма изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн негизги өзөктү түздү. Экономикалык циклге жана убактылуу катарларга талдоо жүргүзүү үчүн сезондук түзөтүү ыкмасы ишке киргизилип, кварталдык статистикалык маалыматтар системасын дискреттик негизде түзүү камсыз кылынды. Керектөө бааларынын индекси (КБИ) жана өндүрүүчүлөрдүн бааларынын индекси (ӨБИ) үчүн бааларды өлчөөнүн натыйжалуулугу жогорулады. Товарлардын сапатына түзөтүү киргизүү жол-жоболору аркылуу салыштырмалуулук маселелери чечилди. Өнөр жай продукциясын чыгаруу көлөмү боюнча маалыматтарды чогултуунун камтылышы кеңейтилди, айыл жерлеринде керектөө баалары боюнча маалыматтар базасы түзүлдү. Статистикалык изилдөөлөр негизги демографиялык индикаторлордун эсептөө методикасын иштеп чыгууга жана республиканын демографиялык жагынан коопсуздугуна баа берүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Тандалма изилдөөнүн ыкмасына өтүү концепциясы иштелип чыгып, кабыл алынды. Аларды колдонуу чөйрөсү аныкталды. Тандалма изилдөө айыл чарба, калктын жашоо деңгээли жана иш менен камсыздуулук статистикасында кыйла өнүктү. Телекоммуникация чөйрөсүнүн өнүгүшү байкалды. Негизги керектөөчүлөргө электрондук почтаны алып барган Мамлекеттик башкаруунун маалыматтык системасына (МБМС) жолдун ачыктыгы аркылуу республиканын маалыматтык мейкиндигине статистикалык системанын киргизилиши камсыз кылынды. Ведомстволордун алдындагы структуралык бөлүкчөлөр жана айрым ведомстволук автоматташтырылган системалар менен электрондук өз ара байланышы камсыз кылынды. Статистикалык маалыматтарды кабыл алууга ыңгайлуу болгон картографиялык түрдө көрсөткөн географиялык, маалыматтык технологиялар өздөштүрүлүп жатат. Статистикалык маалыматтарды таркатуу чөйрөсүндө маалыматтык коммуникациялык технологиялардын артыкчылыгы максималдуу түрдө колдонулду. Алгачкы маалыматтарды изилдөө жана аларды түзүү ыкмаларында келечекте болуучу ири өзгөрүүлөр туурасында алдын ала кабар берүү аркылуу статистикалык тажрыйбанын ачыктыгы күчөтүлдү. Маалыматтардын маанисин туура түшүндүрүүнү камсыз кылуу үчүн статистика тармагынын булактары, ыкмалары жана жол-жоболору туурасындагы маалыматты кызыккан керектөөчүлөргө берүү тажрыйбасы ишке киргизилди. Кыргыз Республикасы 2004-жылдын февралында расмий түрдө ЭВФнын Маалыматтарды таркатуунун атайын стандартына анын 57-мүчөсү жана толук укугу бар катышуучусу катары кошулду. Экономиканын секторлору жана социалдык-демографиялык билдирүүлөр боюнча мета-маалыматтар ЭВФнын Маалыматтарды таркатуунун стандартынын бюллетенинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Web-cuteтында жайгаштырылды (мындан ары Улстаткомитет). Мамлекеттик статистиканын аймактык кызматтарынын ролу жогорулады. Керектөөчүлөрдүн ыңгайы үчүн статистикалык индикаторлордун системасы иштелип чыгып, электрондук форматта билдирүүлөрдүн маалыматтык базасы түзүлдү, бул, чөлкөмдүн аймагында болуп жаткан экономикалык жана социалдык көрүнүштөр жөнүндө статистикалык маалыматтарды, алардын өз ара байланышын көрсөтүү менен бирге, оперативдүү түрдө алууну камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет. БУУ, ЭВФ, ДБ, Европа союзу, Улуу Британиянын Эл аралык Өнүктүрүү министрлиги (DFID), ЭКОнун статистикалык кызматтары, ошондой эле Россия, Швейцария, Швеция, Норвегия, Германия, Италия жана Литванын улуттук статистикалык кызматтары менен эл аралык кызматташтык туруктуу түрдө ишке ашууда. Жемиштүү кызматташтык статистика системанын уюштуруу структурасынын статистикалык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга жана модернизацияланышына, жогорку сапаттагы статистикалык маалыматтарды иштеп чыгууда жаңы жолдорду жана ыкмаларды ишке киргизүүгө, билдирүүлөрдү чогултуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатууга, макроэкономикалык статистиканын методологиясын өнүктүрүүгө, статистикалык маалыматты таркатуунун кыйла жогорку деңгээлине жетишүүгө көмөк көрсөттү. Мамлекеттик статистиканын андан аркы өнүгүшүнүн талаптарына жооп берген жогорку адистиктеги кадрлык потенциалдын натыйжалуулугу туруктуу түрдө окутуунун чегинде ишке ашырылууда, ал бардык узак мөөнөттүү жана учурдагы статистикалык программалар менен эл аралык кызматташтык программаларынын маанилүү компоненти болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасында мамлекеттик статистиканы өнүктүрүүнүн жана натыйжалуулугун жогорулатуунун концептуалдык негиздери
Мамлекеттик статистиканы өнүктүрүүнү жана натыйжалуулугун жогорулатуунун концептуалдык негизи болуп, экономикалык статистиканын ар кайсы түрлөрү менен курамдык бөлүктөрүн жалпы байланышкан системага бириктирүү эсептелет, ал экономикалык көрүнүштөрдү жана процесстерди толук чагылдырууга багытталат. Азыркы учурда өлкөнүн экономикалык жана социалдык саясатынын натыйжаларын толук чагылдыруучу көрсөткүчтөрдүн системасын түзүү үчүн статистиканын модернизацияланышы, интеграцияланышы жана координацияланышы өзгөчө актуалдуу. Бул негиз салуучу концепцияга жараша расмий статистиканын андан аркы системалык түрдө өнүгүшү мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү боюнча администрациялык реформалардын жана чаралардын жалпы системасында ажырагыс элемент болот. Мамлекеттик статистиканын сапатын камсыз кылуучу маанилүү фактор катары өнүккөн статистикалык системасы бар өлкөлөрдө кеңири колдонулган тандалма изилдөө жана экономикалык каттоо системасына өтүү эсептелет. Бул ыкмалардын оптималдуу айкалышы ресурстарды үнөмдөөнү гана эмес, статистикалык маалыматтардын аныктыгын жана тактыгын кыйла жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Демократиялык принциптерди өнүктүрүү жана тереңдетүү шартында, социалдык-экономикалык процесстерге коомдун кыйла таасири тийип турган кезде, биринчи планга статистикалык маалыматты чогултуунун, сактоонун прогрессивдүү ыкмаларын жана берүү жолдорун пайдалануунун негизинде бардык деңгээлдеги керектөөчүлөрдү маанилүү маалымат менен камсыз кылуу боюнча талаптар алдыга чыгууда. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жана өркүндөтүү тийиштүү аймактык түзүлүштөрдүн экономикалык жана социалдык өнүгүшүн мүнөздөөчү сапаттуу маалыматка болгон талаптарын камсыз кылууга багытталган чөлкөмдүк статистиканын уюштурулушун жана методологиясын андан ары жакшыртуу боюнча талаптарды көтөрүп чыгат. Мамлекеттик статистиканын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар системасында маанилүү багыт болуп азыркы учурдагы жана алдыңкы маалыматтык технологияларды улуттук статистика кызматынын бардык деңгээлинде өздөштүрүү жана колдонуу эсептелет. Бул маселени өлкөнүн мамлекеттик бюджетинен олуттуу финансылык каражаттарды тартпастан, башка өлкөлөрдүн жана донор-уюмдарынын гранттык каражаттарын активдүү тартуунун негизинде чечүү зарыл. Бул программада каралган чаралардын ишке ашырылышы - институттук потенциалды чыңдоонун жана уюштуруу структурасын өркүндөтүүнүн негизинде натыйжалуу кадрлык саясатты талап кылат, алар адамдык, финансылык жана материалдык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылышат. Бул багытта эң башкысы болуп - семинарларда жана стажировкаларда, анын ичинде эл аралык экономикалык жана статистикалык уюмдарда, ошондой эле чет өлкөлүк мамлекеттердин өнүккөн статистикалык кызматтарында окутуулардын прогрессивдүү усулдарын кеңири колдонуунун негизинде адистерди даярдоонун жана окутуунун так системасын камсыз кылуу болушу керек. Аталган бардык багыттар кошуп жазууну жана отчеттук маалыматтарды бурмалоону четке кагууга, ошондой эле көзөмөлдөнбөгөн экономиканын эсепке алынышын жакшыртууга көмөк көрсөтөт. Буга байланыштуу ишкерчилик субъектилери, ошондой эле чарбалык жана мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү статистикалык маалыматтардын толуктугуна жана аныктыгына жоопкерчиликти жогорулатуу үчүн мыйзамдарды өркүндөтүүнүн зарылчылыгы пайда болууда. Кыргызстандын мамлекеттик статистикасын реформалаштыруунун мурунку этаптарынын тажрыйбасы көрсөткөндөй, аны өркүндөтүү боюнча чаралардын ийгиликтүү ишке ашырылышы көпчүлүк учурда эл аралык кызматташтыктын деңгээлине жана сапатына көз каранды. Бул, башка өлкөлөрдүн эл аралык статистикалык жана экономикалык уюмдары, улуттук статистикалык кызматтары менен эл аралык статистикалык өз ара байланышуу программаларына кыргыз статистиканын кыйла кеңири интеграцияланышын болжолдойт. Европа Союзу тарабынан Европа Союзунун мүчөлөрүнө жана талапкер өлкөлөрүнө статистика жаатындагы коюлган талаптары негиз катары тандалышы мүмкүн. Ошентип, жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистикасынын андан аркы өнүгүшүнүн жана өркүндөшүнүн негизги багыттарынын ишке ашырылышы улуттук статистиканын өнүгүшү үчүн болгон эл аралык тажрыйбаны олуттуу колдонууга, ошондой эле анын институттук мүмкүнчүлүктөрүн кыйла бекемдөөгө жол ачат.
3. Кыргыз Республикасында статистикалык маалымат системасын андан ары өнүктүрүүнүн 2006-2009-жылдарга карата мамлекеттик программасынын негизги багыттары
Кыргыз Республикасында мамлекеттик статистиканын өнүгүшүн жана натыйжалуулугун жогорулатуунун концептуалдык негиздерине жараша, бул Программада төмөнкү негизги багыттар белгиленди, анда тийиштүү иш чаралардын иштелип чыгышы жана ишке ашырылышы каралган.
3.1. Мыйзамдык база
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик статистика жөнүндө" негиз болуучу Мыйзамына өзгөртүү киргизүү болжолдонууда, алар мамлекеттик статистика органдарынын укуктук ыйгарым укуктарын, жоопкерчилигин жана милдеттерин кеңейтүүгө багытталат. Ыйгарым укуктардын болушу респонденттер менен бирге макулдашып ишти жүргүзүүгө, маалыматтардын аныктыгы жана өз учурунда берилиши үчүн жоопкерчиликти жогорулатууга көмөк көрсөтөт. Экинчи жагынан, купуялуулуктун принциптерин сактоо боюнча респонденттерге берилген кепилдик күчөтүлөт. Респонденттин отчеттук жүгүн кыскартуу максатында администрациялык маалыматтарды министрликтер менен администрациялык ведомстволордон алуу укугу жана ушул маалыматтарды коргоо кепилдиги мыйзамдуу түрдө камсыз кылынышы керек, алар статистикалык максаттарда гана колдонулат. Статистикалык маалыматтарды өлчөөгө жана алйрга баа берүүгө тийиштүү мамлекеттик статистика органдарынын ишмердигине кийлигишүү мыйзамдуу түрдө четке кагылышы керек. Улуттук статкомитеттин координациялоочу функцияларын күчөтүү жана расмий статистиканын негиз болуучу принциптерин так сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 1994-жылы бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук статкомитети жөнүндө жобонун бүгүнкү редакциясы тактоолорду жана өзгөртүүлөрдү талап кылат. Статистика тармагында натыйжалуу саясатты калыптандыруучу процесстерди демократташтыруу максатында жана улуттук статистикалык кызматын борбордоштуруу деңгээлине карабастан, Улуттук статистикалык кеңешти түзүү зарылчылыгы бар, анын курамына окумуштуулар, ишкердик чөйрөнүн өкүлдөрү, мамлекеттик кызмат орундарында иштеген адамдар, ошондой эле профсоюздун мүчөлөрү кириши керек. Мындан тышкары, анын ишине жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн активдүү жана туруктуу тартуу кыйла мааниге ээ.
3.2. Статистиканын уюштурулушун өркүндөтүү
Уюштуруу структурасын жакшыртуу жана чөлкөмдүк статистика. Өлкөнүн администрациялык-аймактык бөлүнүшүндө боло турган өзгөрүүлөргө жараша маалыматтык-статистикалык системасы да өзүнүн түзүлүшүн өзгөртөт. Бүгүнкү күнгө карата мамлекеттик статистиканын туруктуу уюштуруу-технологиялык системасы түзүлүп, өзгөрүлүп турган тышкы шарттарга шашылыш түрдө жооп бере алган ийкемдүү система боюнча чаралардын ишке ашырылышы каралууда. Бул, өзгөчө чөлкөмдүк деңгээлде, айрым функциялардын борбордоштурулушу менен борбордоштурулбашынын оптималдуу айкалышынын негизинде камсыз кылынат. Мамлекеттик статистиканын аймактык органдарынын институттук мүмкүнчүлүктөрүнүн күчөшү төмөнкү принциптер боюнча ишке ашырылат:
- иштердин жана иш милдеттердин тийиштүү көлөмүн кыйла натыйжалуу аткаруу үчүн чөлкөмдүк органдардын потенциалын бекемдөө;
- тийиштүү техникалык жана телекоммуникациялык жабдууну камсыз кылуунун, азыркы учурдагы колдонмо программаларды ишке киргизүүнүн, статистикалык методологияны өркүндөтүүнүн, маалыматтык билдирүүлөрдүн агымдарынын өзгөрүлүшүнүн эсебинен статистикалык маалыматтын сапатын жогорулатуу;
- адистик деңгээлин жогорулатуу жолу менен адам ресурстарын өнүктүрүү;
- көз карандысыздыгына кепилдик берүүчү саясатты өткөрүү жолу менен чөлкөмдүк статистикалык кызматтардын активдүү колдоосун көрсөтүүнү камсыз кылуу.
Ошондой эле борбордук деңгээлде уюштуруу структурасын оптималдаштыруу, иш милдеттердин тартипке келтирүү болжолдонууда. Анын негизине баш ийүүнүн жана конкреттүү иш участогу үчүн жоопкерчиликти жогорулатуунун катуу иерархиялык моделин киргизүүчү матрицалык башкаруу принциби коюлат. Сапатын камсыз кылуу жол-жобосун жакшыртуу. Статистикага коюлган эң негизги талаптардын бири болуп статистикалык продукциянын сапатын башкара турган система эсептелет. Буга байланыштуу сапатын башкара турган натыйжалуу системаны түзүүнү жана аны ишке киргизүүнү камсыз кылуу керек, мында анын бардык аспектилеринин бириктирилиши зарыл, буга уюштуруучулук, методологиялык, технологиялык, кадрлык, администрациялык-укуктук ж.б. аспектилер кирет. Эл аралык стандарттарды пайдалануу жана аларды ишке киргизүү. Классификациялар менен аныктамаларды колдонуу жагынан караганда, статистиканы шайкеш келтирүү маселеси - бул иш жүзүндө дүйнөнүн дээрлик бардык статистикалык ведомстволорунда туруктуу чечүүнү талап кылган маселе. Статистика Кыргыз Республикасында олуттуу өзгөртүлгөн жана эл аралык деңгээлде салыштырууга мүмкүн болгон статистикалык маалыматтын бир кыйла көлөмүн өндүрө алган туруктуу статистикалык системага ээ. Бирок, Кыргыз Республикасынын статистикасында кабыл алынган кээ бир индикаторлор Европалык негизги статистикалык талаптарга жооп бербейт. Маселени мындай түрдө коюу статистиканын конкреттүү тармактарында, мисалы, Европа Союзунун стандарттарына өтүүнү билдирет. Статистикалык көрсөткүчтөр системасын өркүндөтүү. Тийиштүү министрликтер жана администрациялык ведомстволор, башка аткаруучу бийлик органдары менен бирдикте актуалдуу статистикалык көрсөткүчтөрдү иштеп чыгуу боюнча чаралардын так жана натыйжалуу теске салынышы камсыз кылынышы керек. Чөлкөмдүк жана муниципалдык деңгээлде социалдык жана экономикалык процесстерди талдоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн базалык статистикалык көрсөткүчтөрдүн макулдашылган системасын өркүндөтүү зарыл. Өз ара байланыштарга натыйжалуу колдоо көрсөтүү үчүн биринчи кезектеги эң маанилүү шарт катары колдонулуп жаткан классификациялардын жана аныктамалардын белгиленген стандарттарга ылайык келиши эсептелет. Статистикалык байкоолордун ыкмаларын өркүндөтүү. Бул Программанын чегинде экономиканын дээрлик бардык секторлорунда андан ары да тандалма байкоо системасына өтүү, талдоонун математикалык ыкмаларын статистикалык тажрыйбага киргизүү камсыз кылынат. Бул, биринчи кезекте, калктын жакырчылыгын аныктоо боюнча үй чарба секторуна, эмгек рыногуна, айыл чарбага, кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө жана айрым башка тармактарга тиешелүү. Мында тандалма изилдөөлөрдүн статистикалык байкоолордун текши ыкмалары менен оптималдуу айкалыш принциби сакталышы керек, анткени өнүккөн маалыматтык-статистикалык системасы бар өлкөлөрдө ал кеңири колдонулат. Классификациялоонун жана коддоштуруунун бирдиктүү системасын өнүктүрүү. Статистикалык классификациялар, стандарттар, аныктамалар статистиктер үчүн бирдиктүү маалыматтык тилди түзүшөт. Бүткүл улуттук эсептөө системасынын макулдашуусуна жетүү үчүн жана статистикалык маалыматтарды бирдиктүү контекстте салыштырууга мүмкүндүк алуу үчүн катуу стандарттардын чегинен чыкпаш керек. Эл аралык экономикалык, социалдык классификацияларды киргизүү жана мамлекеттик классификаторлорду иштеп чыгуу боюнча ишмердик, классификацияларды киргизүү жана эл аралык стандарттар менен классификацияларга шайкеш келбегендикти ачыкка чыгаруу пландарынын негизинде, ар кайсы министрликтер, администрациялык ведомстволор жана уюмдар менен бирге кызматташтыкта ишке ашырылат. Бул маселени чечүү үчүн Европа Союзунун өлкөлөрүндө жасалгандай, эл аралык стандарттарга жооп берген турпатташтырылган экономикалык-статистикалык классификацияларды түзүүнүн жана бүгүнкү күндөгү системасынын статистикалык тажрыйбасына киргизүүнүн жалпы саясатын камсыз кылуу зарыл. Регистрлер системасы. Азыркы учурдагы эл аралык статистикалык тажрыйбага жана методологияга жараша, статистикалык бирдиктердин мамлекеттик регистрин актуалдаштырган жана туруктуу түрдө жаңыртылган абалды сактоонун зарылчылыгы айкын. Регистр - бул бүт маалыматтык-статистикалык системанын башкы интеграциялануучу механизми экендигин эске алганда, аны алып баруучу жана ага колдоо көрсөтүүчү системаны жаңыртып, өркүндөтүү керек. Буга байланыштуу, толуктугун жана сапатын камсыз кылуу, ведомстволор аралык өз ара байланышуунун натыйжалуу системасын түзүү, ар кайсы администрациялык жазууларды толук бойдон колдонуу жагынан алганда статистикалык регистрдин улуттук статистикалык системасындагы ролун жана ордун кайра карап чыгуу зарыл. Эл аралык тажрыйбада белгиленгендей статистикалык көрсөткүчтөрдүн сапатын камсыз кылуучу, натыйжалуу ыкмалардын бири катары, коммерциялык регистрлер системасына өтүү керек. Коммерциялык регистрлердин жана колдонуп жүргөн эл аралык концепцияларды камтууну макулдашуу регистрлердин сапатын жогорулатуунун ар түрдүү идентификациялык белгилери боюнча статистикалык бирдиктердин маалыматтык базасын түзүү каражаты болуп калат. Маалыматтарды жана метамаалыматтарды башкаруу. Статистикалык системанын натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн мүнөздөөчү башкы принциптердин бири болуп, маалыматтарды жана метамаалыматтарды башкаруу системасынын болушу жана анын сапаты эсептелет. Буга байланыштуу, бүгүнкү күндөгү маалыматтык технологияларды пайдалануунун негизинде статистикалык маалыматтардын базасын башкаруунун автоматташтырылган системасын түзүү тармагында болгон эл аралык тажрыйбаны колдонуу зарыл. Бул тармакта ишке ашырылуучу негизги максат болуп, байланыштын электрондук каналдары аркылуу керектөөчүлөрдүн ар кайсы топтору үчүн жолу ачык, маалыматтардын интеграцияланган "сактагычын" түзүү эсептелет. Башка маанилүү багыт катары метамаалыматтар системасын башкаруу саналат, ал статистикалык билдирүүлөрдү иштеп чыгуу, бириктирүү, интерпретациялоо жана колдонуу үчүн талап кылынган булактарды, ыкмаларды жана системаларды сүрөттөйт. Кыргыз статистикасынын ЭВФнын Маалыматтарды таркатуунун атайын стандартындагы мүчөлүгү ушул стандарттарды сактоону гана эмес, эл аралык тажрыйбада кабыл алынган эрежелер менен талаптарга ылайык келишин туруктуу түрдө өркүндөтүүнү милдеттендирет. Маалыматтарды таркатуу саясаты. Улуттук статистика бул чөйрөдө мындан ары да ЭВФнын Маалыматтарды таркатуунун атайын стандарттын сунуштарынын чегинен чыкпайт. Муну менен бирге чыгарылып жаткан статистикалык басылмалардын тематикасын жана сапатын актуалдаштыруу боюнча иш чараларды жүзөгө ашыруу каралууда, буга чөлкөмдүк аспект да кирет. Интернет глобалдуу тармагы, маалыматты берүүнүн башка каражаттары аркылуу таркатуунун прогрессивдүү ыкмаларынын кеңири колдонулушу каралууда. Республиканын администрациялык-аймактык бөлүнүштөрүнө маалымат берүүнү камсыз кылуунун жолдору жана ыкмалары кыйла жакшыртылат. Маалыматтык технологияларды өркүндөтүү. Бул тармакта өндүрүштүк процесстерди андан ары автоматташтыруу, маалыматтык базаны башкаруунун автоматташтырылган системасын ишке киргизүү, программалык-методологиялык камсыз кылуунун натыйжалуулугун жакшыртуу жана жогорулатуу боюнча иш чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу каралууда. Каралып жаткан чаралардын системасында маанилүү багыт болуп, байланыштын электрондук каналдары аркылуу мамлекеттик статистиканын борбордук жана чөлкөмдүк звенолорунун ортосунда технология жагынан өз ара байланыштын бүтүндөй архитектурасын түзүү эсептелет. Өлкөнүн маалыматтык-статистикалык системасынын бардык элементтеринин техникалык жана программалык-технологиялык айкалышуусун камсыз кылуучу негизги звеносу катары башкы эсептөө борборунун уюштуруу структурасын өркүндөтүү да каралууда. Адистик деңгээлди жогорулатуу. Макулдашылган жана сапаттуу статистикалык системаны түзүүчү фундаменти катары жогорку адистик саналат деген ойду эсепке алганда, Программада кадрларды кесиптик жагынан даярдоо жана адистигин жогорулатуунун бирдиктүү жана принциптүү жаңы механизмди түзүү жана аны өркүндөтүү боюнча чаралар каралууда. Бул механизм конкреттүү керектөөлөрдү, ыкмалар менен каражаттардагы өзгөртүүлөрдү, ошондой эле алдыңкы тажрыйбаны эске алуу менен бирге окуу программаларды, методикалык материалды иштеп чыгуу жана окуу процессин пландаштыруу үчүн туруктуу түрдө иштей турган жаңы структураны камтыйт. Эл аралык статистикалык жана экономикалык уюмдарда, ошондой эле чет мамлекеттердин өнүккөн статистикалык кызматтарында стажировкадан өтүү жана окутуучу семинарларга катышуу мүмкүнчүлүктөрү стимул катары кыйла кеңейтилет.
3.3. Экономикалык статистика
Улуттук эсептөө системасы (мындан ары - УЭС). УЭСти түзүү үчүн жогорку сапаттагы маалыматтарды иштеп чыгуунун жана андан ары өркүндөтүүнүн негизги багыты болуп - БУУ УЭСтин 1993-жылдагы жана Улуттук эсептердин Европалык системасынын (УЭС-95) жалпы сунуштарын жана аныктамаларын киргизүү, кварталдык улуттук эсептерди чегерүүнүн методологиясын иштеп чыгуу, ички дүң продуктуга утурумдук түзөтүү киргизүү маселелери боюнча иштерди улантуу эсептелет. Улуттук эсептөө системасынын чөлкөмдүк көрсөткүчтөрүн улуттук деңгээлде макулдашылган өнүктүрүү камсыз кылынат. Европа Союзунун өлкөлөрүндө колдонулуп жүргөн көмүскө жана формалдуу эмес экономиканын көрсөткүчтөрүн аныктоо үчүн модулдук ыкманы пайдалануунун негизинде көмүскө жана байкалбаган экономикага баа берүү боюнча методологиялык иштер андан ары уланат. Баалардын статистикасы. Баалардын статистикасы тармагында иштердин башкы багыты болуп, өзгөчө керектөө бааларынан тышкары бардык деңгээлдеги администрациялык-аймактык түзүлүштөрдү камтыган, байкоолордун географиясынын кеңейтилиши эсептелет. Сапаттын стандарттарын жогорулатуу - экономика тармактарында жана чөйрөлөрүндө баалардын өзгөрүлүшүнүн эл аралык деңгээлде салыштырылуучу жана ишенимдүү көрсөткүчтөрдү, бааларды иликтөөнүн оптималдуу ыкмаларын жана баа түзүүчү факторлорду иштеп чыгууга негизделет. Айыл чарбанын статистикасы. Болгон экономикалык, аймактык, социалдык жана абдан маанилүү деп эсептелген экологиялык өз ара байланыштарды эсепке алуу менен бирге айыл чарбанын абалына кеңири талдоо жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында, эл аралык айыл чарба статистикасында колдонулуучу концепциялар менен аныктамаларды андан ары адаптациялоо талап кылынат. Буга жараша, өлкөнүн туруктуу азыктүлүк балансын түзүүгө таасир эткен бардык аспектилерди камтуучу азык-түлүк коопсуздугунун статистикасын жакшыртуу боюнча чаралардын комплекси болжолдонууда. Каттоолорду жүргүзүү улантылат, ал эми каттоолор арасындагы мезгилде айыл чарбада тандалма изилдөөлөрдү жүргүзүү иштери тереңдетилет. Эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн чегинде БУУнун Азык-түлүк айыл чарба уюму (ФАО) менен бирге айыл чарба статистикасы боюнча маалыматтардын интеграцияланган базасы жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрдүн автоматташтырылган регистри түзүлөт. Өнөр жайдын статистикасы. Жылуулук менен электр энергиясын айкалыштырып өндүрүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алганда отун-энергетика комплексиндеги өндүрүштүн статистика методологиясынын эл аралык стандарттарга ылайык келтирилиши негизги артыкчылык болуп эсептелип, энергетикалык ресурстардын бардык түрлөрүн натыйжалуу пайдаланууну аныктоо үчүн көрсөткүчтөрдүн оптималдуу курамын камсыз кылуу зарыл. Өнөр жай статистикасын жакшыртуу боюнча чаралар системасында чөлкөмдүк деңгээлде продукцияны өндүрүүнүн физикалык көлөмүнүн өзгөрүлүү индекстеринин ишенимдүү жана натыйжалуу системасы камсыз кылынат. Ошондой эле өнөр жай өндүрүшүнүн тармактарында эл аралык стандарттарга салыштырылуучу инновациялык статистика системасын киргизүү жана жакшыртуу камсыз кылынышы керек. Инвестициялардын жана курулуштун статистикасы. Инвестициялык жагымдуу тармактарда иштеген чарбакер субъектилерге атайын изилдөө жүргүзүүнүн негизинде тикелей чет өлкөлүк инвестицияларды эсепке алуу боюнча статистикалык көрсөткүчтөр андан ары өркүндөтүлөт. Курулуш өндүрүшүнүн жана курулуш продукциясынын бааларынын индекстерин эсепке алуу системасы дүйнөлүк статистика тажрыйбасындагы эрежелерге ылайык болушун талап кылат. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн статистикасы. ИДПнын структурасында кызмат көрсөтүү чөйрөсү эң маанилүү болгондуктан, экономика тармактарында, биринчи кезекте керектөө рыногунда көрсөтүлгөн тейлөөлөргө кыйла толук баа берүүнү камсыз кылуу зарыл. Бул үчүн, чекене жана дүң соода чөйрөсүндө изилдөө жүргүзүүнүн тандалма ыкмаларынын ишке киргизилиши камсыз кылынып, товар жүгүртүүнүн физикалык көлөмүнүн индекстерин эсепке алуу системасы өркүндөтүлүп, товар жүгүртүүнүн көмүскө жана жашыруун көлөмүнө баа берүүнүн натыйжалуу системасын иштеп чыгуу керек. Чакан ишкердиктин субъектилери көрсөткөн акы төлөнүүчү тейлөөлөрдүн кеңири спектринин пайда болушуна жана базар мамилесинин өнүгүшүнө байланыштуу, аларды мүмкүн болушунча толугураак эсепке алуу маселеси актуалдуу болуп калды. Бул маселени чечүүнүн натыйжалуу ыкмаларынын бири болуп - транспортто, саламаттык сактоодо, билим берүүдө көрсөтүлгөн тейлөөлөргө, турмуш-тиричилик, юридикалык, финансылык жана башка бир катар тейлөөлөрдү көрсөткөн субъектилерге каттоо жүргүзүү эсептелет. Улуттук экономиканын эң маанилүү бөлүгү катары туризм чыкты, анда, жалпы кабыл алынган стандарттардын негизинде бул чөйрөдө түзүлгөн тейлөөлөрдүн көлөмүнө жана масштабына статистикалык баа берүүнүн улуттук стандарттарга өтүшү аяктап калды. Өлкөнүн дүйнөлүк маалыматтык мейкиндигине интеграцияланышы маалыматтык-коммуникациялык технология чөйрөсүндө көрсөтүлүүчү тейлөөлөрдүн масштабына баа берүүнүн тийиштүү статистикалык ыкмаларын иштеп чыгууну талап кылат. Финансылык статистика. Бул чөйрөдө эң негизги багыт болуп, Эл аралык валюта фонду сунуш кылган мамлекеттик финансы статистикасынын методологиясын (СГФ-2001) иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча чараларды ишке ашыруу эсептелет. Ошондой эле финансы рыногунун маанилүү бөлүктөрүнө мониторинг жүргүзүү системасын иштеп чыгуу камсыз кылуу алдыда турат. Тышкы сооданын статистикасы. Жалпысынан, товарлар менен тейлөөлөрдүн эл аралык соода статистикасы тармагында эл аралык статистикалык жана экономикалык уюмдарынын сунуштарына ылайык келет. Бирок, сунуштарды ишке киргизүүнүн деңгээли жана толуктугу жагынан алганда, айырмачылыктар дагы эле бар. Отчеттук жүктү төмөндөтүү, маалыматтардын бири-бирине шайкеш келишин камсыз кылуу, ошондой эле товарларды сатуу жөнүндө жалпыланган, бири-бирине шайкеш келген, эл аралык деңгээлде макулдашылган маалыматтардын топтомун ишке киргизүү максатында билдирүүлөрдү чогултууну андан аркы рационалдаштыруу талап кылынууда. Импорттун эсебинен түзүлгөн ички керектөөнү туура аныктоо максатында, товарлардын кыйла көлөмүн алып турган өлкөлөр үчүн БУУ сунуш кылган сооданын атайын системасына (САС) таянган тышкы соода статистиканы уюштуруунун жогорку тепкичине өтүү керек. Юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан аймактарга карата ишке ашырылуучу экспорттук-импорттук операцияларын калыптандыруу методикасынын өркүндөтүлүшү зарыл. Тышкы экономикалык тейлөөлөрдүн түрлөрү менен аталыштарынын улуттук классификаторлорун эл аралык классификаторлорго шайкеш келтирүү бөлүгүндө өлкөнүн төлөө балансы үчүн көрсөткүчтөр системасын өркүндөтүүнү камсыз кылуу алдыда турат. Энергетика ресурстарынын статистикасы. Улуттук экономиканын негизги бөлүгү болуп отун-энергетикалык комплекси эсептелет, анын абалы көпчүлүк учурда тышкы факторлордун таасирине көз каранды. Буга байланыштуу, өлкөнүн отун-энергетикалык балансын түзүү методологиясын, мезгилдүүлүгү эки жылда бир жолу түзүлүп жүргөн эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү зарылчылыгы ачыкка чыкты. Чакан жана орто ишкерчиликтин статистикасы. Чакан ишкерчиликтин субъектилеринин саны жана өндүрүшүнүн көлөмү тез өсүп жатканда тандалма изилдөөнү уюштуруунун таасирлүү системасынын түзүлүшү зарыл болду. Көмүскө экономиканын маанилүү көлөмү так ушул чөйрөдө топтолуп турганын эске алганда, товарларды өндүрүүнүн, тейлөө көрсөтүүнүн жашыруун жана мыйзамсыз көлөмүн ачыкка чыгаруу жана ага баа берүү боюнча уюштуруучулук жана методологиялык иш чаралардын комплексин иштеп чыгуу керек.
3.4. Социалдык статистика
Демографиялык статистика. Келе жаткан 2006-2009-жылдары 2009-жылдагы улуттук каттоого даярдык көрүү мезгили катары эсептелип, мындай чоң статистикалык ишти аткаруу боюнча методологиялык жана уюштуруучулук иш чаралардын бүтүндөй комплекси ишке ашырылышы керек. Демографиялык процесстердин натыйжалуу социалдык-экономикалык саясатты калыптандырууга тийгизген таасирине баа берүүнүн жана талдоонун маанилүүлүгүн эске алганда, БУУ тарабынан сунуш кылынган Миң жылдыктын Өнүгүү Максаттарын (МӨМ) ишке ашырууда статистикалык маалыматтардын сапатын жогорулатуу камсыз кылынышы керек. МӨМдүн көпчүлүк көрсөткүчтөрү социалдык-демографиялык статистиканын маалыматтарына байланыштуу экендигин эске алсак, анда аларды эсептөө методологиясын, өзгөчө чөлкөмдүк жана жергиликтүү деңгээлдерде өркүндөтүү зарыл. Демографиялык статистиканын маанилүү көрсөткүчтөрүнүн эл аралык классификаторлорун иштеп чыгуу жана киргизүү камсыз кылынышы керек. Эмгектик миграция тарабынан шартталган тенденциялардын күчөшүнө байланыштуу, демографиялык жана географиялык факторлорду эске алуу менен бирге бул көрүнүштүн масштабына баа берүү жана методологиясын иштелип чыгуу камсыз кылынышы керек. Эмгек рыногунун статистикасы. Бул чөйрөдө башкы багыт катары - иш менен камсыздоо жана жумушсуздук процесстерине статистикалык мониторинг жүргүзүүнүн жаңы жана ишенимдүү системасын түзүү боюнча иштерди улантуу болжолдонот. Бул өзүнүн методологиялык жана концептуалдык жоболору боюнча тийиштүү европалык стандарттарына ылайык келип, аларга максималдуу түрдө жакындашкан, калкка жана үй чарбаларга интеграцияланган изилдөөнүн негизинде ишке ашырылат. Бул үчүн, эмгек жана жумушчу күчүнүн статистикасы боюнча статистикалык классификаторлорду кайра кароо, макулдашуу жана шайкеш келтирүү, аны күтүүгө кеткен чыгымдардын курамы ж.б. боюнча иш жүргүзүлөт. Үй чарбалардын кирешелери менен чыгашаларынын статистикасы, калктын бейкуттугу жана жакырчылыгы. Жакырчылыктын деңгээлин аныктоо тармагында жетишилген прогресске карабастан, чөлкөмдүк өзгөчөлүктөрдү эске алып, аны кыйла оптималдуу ыкмалар менен өлчөө методологиясын өркүндөтүү керек. Бул, ошондой эле, өзгөрүлүп турган социалдык-экономикалык шарттарга ылайык жакырчылыктын чегинин жана анын параметрлеринин объективдүү критерийлерин иштеп чыгуу зарылчылыгын белгилейт. Гендерлик белгиси боюнча статистика. Калыптанган, маанилүү гендерлик айырмачылыктардын шартында, статистикалык маалыматтарды чогултуунун жана аларды таркатуунун жүрүшүндө бул айырмачылыктарды өлчөө процедураларынын андан аркы өркүндөтүлүшү камсыз кылынат. Биринчи кезекте, бул, өтмө жана айкашкан классификацияны билдирип, өлкөнүн социалдык жана экономикалык турмушунун бардык чөйрөсүндө статистикалык индикаторлордун мүмкүн болушунча көп санын гендерлик жактан иштеп чыгууну белгилейт. Саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана башка социалдык жактан маанилүү тармактардын статистикасы. Миң жылдыктын Өнүгүү Максаттарынын (МӨМ) көрсөткүчтөрүнө үзгүлтүксүз жана системалык түрдө мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу зарыл, анда иидикаторлордун көпчүлүгү саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, ошондой эле турак жай менен камсыз болуу деңгээли өңдүү социалдык маанилүү тейлөөлөргө болгон калктын жеткиликтүүлүк даражасын мүнөздөйт. Статистиканын көрсөтүлгөн тармактарын реформалоо эл аралык тажрыйбада кабыл алынган эрежелер жана стандарттардын негизинде, ошондой эле улуттук жана чөлкөмдүк талаптарга жараша ишке ашырылат. Сан жагынан баа берүүнүн адаттагы ыкмалары менен бирге, бул тармактар тарабынан экономиканын жалпы көрсөткүчтөрүнө салымдын нарктык индикаторлору да жакшыртылат. Экологиялык статистика. Азыркы тажрыйбаны жана методологияны өркүндөтүүгө тийиштүү статистика чөйрөсүнүн бири болуп экологиялык статистика эсептелет. Келечекте бул тармактагы эл аралык стандарттарга жана концепцияларга шайкеш келген экологиялык статистиканын өнүккөн системасынын түзүлүшү зарыл. Экологиялык түзүүчү бөлүгү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн натыйжаларына түз жана кыйыр таасирин тийгизүүчү фактор болгондуктан, улуттук эсептөө системасынын бөлүгү болгон экологиялык эсептөөлөрдү чегерүү методологиясы иштелип чыгышы керек.
4. Программаны каржылоо жана аткаруу мониторинги
Программанын иш чаралары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттарды жана долбоорлук ресурстарды тартуунун эсебинен каржыланышы керек. Бул Программаны аткарууга тартылган министрликтер, администрациялык ведомстволор Программаны ишке ашырууга сарпталган финансылык чыгымдарды өз алдынча эсептеп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен бөлүнгөн өз каражаттарынын эсебинен программалык иш чаралардын аткарылышын ишке ашырышат. Программаны ишке ашыруунун учурдагы башкаруусун Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети ишке ашырат. Программалык иш-чараларды каржылоого көзөмөл кылууну Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ишке ашырат. Программалык иш чаралар боюнча максаттуу көрсөткүчтөр жана чыгымдар жыл сайын такталат. Зарыл болгон учурда Улуттук статистика комитети белгиленген тартипте айрым программалык иш чараларды аткаруу мөөнөтүн өзгөртүү же узартуу жөнүндө сунуштарды киргизет. Программаны ишке ашырууга катышкан министрликтер жана администрациялык ведомстволор жыл сайын тийиштүү иш-чараларды аткаруу пландарын иштеп чыгышат. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын министрликтери, администрациялык ведомстволору Программаны ишке ашыруунун жүрүшү туурасында маалымат беришет. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бул Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымдайт. (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасында 2006-2009-жылдарда статистикалык маалымат системасын андан ары өнүктүрүү боюнча негизги программалык иш-чаралар
| Катар № | Иш чаралардын аталышы | Ишке ашыруу формасы | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар |
|---|---|---|---|---|
| 1. Мыйзам ченемдүү базасы | ||||
| 1.1 | Зарыл өзгөртүүлөрдү аныктоо үчүн мыйзамдуу базасына талдоо жүргүзүү | Талдоонун жыйынтыгы | дайыма | Улстаткомитет |
| 1.2 | Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Мыйзамын жаңы редакциясынын долбоорун даярдоо | Мыйзамдын жаңы редакция- сынын долбоору | 2006-ж. 1-жарым жылдыгы | Улстаткомитет |
| 1.3 | "Улуттук статистика комитети жөнүндө" Жобонун жаңы редакциясынын долбоорун даярдоо | Жобонун жаңы редакция- лоонун долбоору | 2006-ж. 1-жарым жылдыгы | Улстаткомитет |
| 1.4 | Кыргыз Республикасындагы Улуттук статистикалык кеңеши (УСК) жөнүндө Жобонун долбоорун иштеп чыгуу | долбоор | 2006-ж. IV-кв. | Улстаткомитет, министрликтер, ведомстволор |
| 1.5 | Кыргыз Республикасында 2009-ж. эл каттоонун уюштурулушун көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун даярдоо | Өкмөттүн токтомунун долбоору | 2006-ж. | Улстаткомитет |
| 1.6 | Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасында 2012-ж. айыл чарба каттоосун жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгынын долбоорун даярдоо | Жарлыктын долбоору | 2009-ж. | Улстаткомитет |
| 2. Уюштуруу структурасын жакшыртуу жана чөлкөмдүк статистика | ||||
| 2.1 | Статистикалык кызматтын иштеринин натыйжалуулугунун жакшыртуу үчүн структуралык жана уюштуруучулук өзгөртүүлөрдү иш жүзүнө ашыруу | Тажрыйбалык кыймыл | 2006-ж. III-кв. | Улстаткомитет |
| 2.2 | Статистикалык маалыматтын сапаты боюнча иштин координациясын камсыз кылып, борбордук аппараттын структурасын өркүндөтүү | Борбордук аппараттын структура- сын өзгөртүү | 2007-ж. I-кв. | Улстаткомитет |
| 2.3 | Чөлкөмдөрдү башкарууну жакшыртуу жана статистикалык продукциянын сапатына бардык деңгээлде натыйжалуу көзөмөл жүргүзүү үчүн матрицалык башкаруу элементтерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | Бардык деңгээл- деги функциялар- ды өзгөртүү | 2007-ж. | Улстаткомитет |
| Чөлкөмдүк статистика | ||||
| 2.4 | Иштердин жана функциялардын азыркы көлөмүн натыйжалуу аткаруу максатында жергиликтүү статистикалык кызматтардын потенциалын күчөтүү | Иш чаралардын планы жана тажрыйбалык кыймылы | дайыма | Улстаткомитет, жергиликтүү мамадминистра- циялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) |
| 2.5 | Статистиканын аймактык органдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | Тажрыйбалык кыймыл | 2009-ж. чейин этап менен | Улстаткомитет, жергиликтүү мамадминистра- циялар, эл аралык гранттар (макулдашуу боюнча) |
| 2.6 | Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү өзгөрүп турган шарттарында информациялык маалыматтардын агымын өркүндөтүү | Статистика кызматтары- нын функциясы- нын өзгөрүшү | Зарыл- дыгына жараша | Улстаткомитет, Транспорт жана коммуникация министрлиги |
| 2.7 | Структурасында болуп жаткан өзгөрүүлөргө байланыштуу соода ишканалары, мейманкана чарбасы, автомобилге май куюучу станциялардын маалыматтар базасын жаңыртуу | Чарба жүргүзүүчү субъекти- лердин каттоосу | 2007-ж. | Улстаткомитет, жергиликтүү мамадминистра- циялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) |
| 2.8 | Чөлкөмдүк статистикалык индикаторлордун системасынын актуализациясын камсыз кылуу | Тажрыйбалык кыймыл | дайыма | Улстаткомитет |
| 2.9 | Байланыштын электрондук каналдары аркылуу керектөөчүлөрдүн жана статистикалык маалыматты өндүрүүчүлөрдүн ар түрдүү топторуна жол ачыктыгын камсыз кылуу максатында теле-коммуникациянын өнүгүүсү | "Район-рес- публикалык борбор" схемасы боюнча электрондук почтаны ишке киргизүү | 2007-ж. | Транспорт жана коммуникация министрлиги, райшаармамад- министрация- лар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) |
| 2.10 | Чөлкөмдүк статистиканын ар кайсы деңгээлинде окутууну жүргүзүү | Окутуунун программа- сын даярдоо | дайыма | Кыргыз Респуб- ликасынын Улстаткомитети |
| Сапатты башкаруу | ||||
| 2.11 | Статистикалык маалыматтардын сапатын башкаруунун натыйжалуу системасын ишке киргизүү боюнча стратегияны иштеп чыгуу | Сапаттын страте- гиясын кабыл алуу | 2006-ж. IV-кв. | Улстаткомитет, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
| 2.12 | Сапаттын шаблонун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | Сапаттын шаблону | 2007-ж. | Улстаткомитет |
| 2.13 | Керектөөчүлөрдүн ар кайсы категориялары үчүн маалымат фондусу катары метамаалыматтардын базасын түзүү | Метамаалым- аттарды сактоочу жай | 2007-ж. | Улстаткомитет, министрликтер, ведомстволор |
| 2.14 | Министрликтер менен ведомстволордун администрациялык булактарынан алынган көрсөткүчтөрдүн негизинде туура эмес же жок болгон алгачкы маалыматтарды редакциялоо стратегиясын иштеп чыгуу | Иштелип чыккан стратегия | 2007-ж. | Улстаткомитет, министрликтер, ведомстволор |
| 2.15 | Европа Союзунун сунуштарына ылайык утурумдук түзөтүү киргизүү методикасын ишке киргизүү | Методика | 2007-ж. | Улстаткомитет |
| Эл аралык стандартты колдонуу жана ишке киргизүү | ||||
| Статистикалык көрсөткүчтөр системасын өркүндөтүү | ||||
| 2.16 | Төмөнкүлөрдү иштеп чыгып, статистикалык тажрыйбага киргизүү аркылуу статистикалык көрсөткүчтөр системасын кеңейтүү: - Россия менен ЕС өлкөлөрүндө колдонулган структуралык индикаторлор; - эл аралык методологиясына (Миң Жылдыктын Өнүгүү Максаттары) шайкеш келген туруктуу өнүгүүнүн көрсөткүчтөрү; - гендер жагынан бөлүнгөн көрсөткүчтөр; - эмгектин өндүрүмдүүлүгүн эсептөө үчүн көрсөткүчтөр; - эмгек миграциясынын көрсөткүчтөрү; - айлана-чөйрөнүн абалынын көрсөткүчтөрү; - маалыматтык коммуникациялык технологиялар көрсөткүчтөрү; - үй бүлөдөгү кысым, адамды сатуу көрсөткүчтөрү | Көрсөткүч- төр системасы | 2006-жыл- дан баштап туруктуу түрдө | Улстаткомитет, ИИМ, Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), Сот департаменти, Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу мамкомитети, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Эмгек министрлиги, Соцфонд (макулдашуу боюнча) ж.б. министрликтер, ведомстволор, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), өкмөттүк эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) |
| 2.17 | Статистикалык изилдөө үчүн сурап-билүү тизмектердин структурасынын маселелери боюнча жана көрсөткүчтөрүнүн натыйжалуулугу боюнча изилдөөлөрдү уюштуруу жана өткөрүү | Изилдөөнүн натыйжасы | жыл сайын | Улстаткомитет, министрликтер, ведомстволор |
| 2.18 | Статистикалык маалыматтарды берген респонденттер менен ишти жүргүзүү стратегиясын иштеп чыгуу | Стратегия | 2007-ж. | Улстаткомитет, министрликтер, ведомстволор |
| Статистикалык байкоо жүргүзүү ыкмаларын өркүндөтүү | ||||
| 2.19 | Чөлкөмдүк жана жергиликтүү деңгээлдерди кошкондо, жалпыланган маалыматтардын бардык деңгээлинде тандалма изилдөөнүн көрсөткүчтөрүн эсептөө үчүн колдонулган методологияны стандартташтыруу | Методология | 2008-ж. | Улстаткомитет, эл аралык долбоорлор |
| 2.20 | Статистиканын тармактары боюнча ишканаларга тандалма изилдөө менен текши изилдөөнүн ортосундагы маалыматтардын ылайык келүү методикасын иштеп чыгуу | Методика | 2008-ж. | Улстаткомитет, эл аралык долбоорлор |
| Классификациялоонун жана коддоштуруунун жалпы системасынын өнүгүшү | ||||
| 2.21 | Кыргыз Республикасында Техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматты классификациялоо жана коддоштуруунун жалпы системасын (ТЭСМ ККЖС) өнүктүрүү жана жакшыртуу | Тажрыйбалык кыймыл | 2006-ж. | Улстаткомитет, министрликтер, ведомстволор |
| 2.22 | Классификаторлорду иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча мамлекеттик стандарттарды карап чыгуу | Стандарт- тар, жоболор | 2006-ж. | Улстаткомитет, министрликтер, ведомстволор |
| 2.23 | Иштөөнүн, тиричилик аракетти жана ден соолукту чектөөнүн эл аралык классификациясын (ИТАК) ишке киргизүү | Тажрыйбалык кыймыл | 2009-ж. | Улстаткомитет, министрликтер, ведомстволор |
| 2.24 | Статистикалык көрсөткүчтөр системасынын классификаторун иштеп чыгуу | Иштелип чыккан классифика- тор | 2007-ж. | Улстаткомитет, министрликтер, ведомстволор |
| Регистрдин системасы | ||||
| 2.25 | Өз ишмердигин ар кайсы аймактарда ишке ашырган ээлик кылуучу субъектилерди маалыматтык базага, киргизүү аркылуу аймактык статистикалык регистрлерди (жергиликтүү бирдиктердин маалыматтык базасын) кеңейтүү | Методология жана тажрыйбалык кыймыл | 2007-ж. | Улстаткомитет, ээлик кылуучу субъектилер (макулдашуу боюнча) |
| 2.26 | Экономикалык көрсөткүчтөр системасын кошуп, тандалма изилдөөлөр үчүн негиз болгон тармактык регистрлерди түзүү | Тармактык бөлүмдөрдүн субрегистр- лери | 2007-ж. | Улстаткомитет |
| Эл аралык жана ведомстволор аралык өз ара байланыш | ||||
| 2.27 | Мамлекеттик статистиканын өнүгүшүнүн артыкчылык багыттары боюнча долбоорлук сунуштарды даярдоону уюштуруу | Иштелип чыккан долбоорлор | 2006-2008- жж. | Улстаткомитет, министрликтер, ведомстволор |
| 2.28 | Эл аралык экономикалык жана статистикалык уюмдар, улуттук статистикалык кызматтары менен кызматташууну уюштуруу | Тажрыйбалык кыймыл | дайыма | Улстаткомитет |
| 2.29 | Эл аралык экономикалык жана статистикалык уюмдарга маалыматты берүүнү уюштуруу | Керектүү маалыматты көрсөтүү | дайыма | Улстаткомитет |
| 2.30 | Ведомстволук реестрлерди түзүүдө жана администрациялык маалыматты даярдоодо министрликтердин, ведомстволордун иш тажрыйбасына эл аралык жана мамлекеттик классификацияларды киргизүү | Бирдиктүү маалымат мейкиндиги | дайыма | Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администра- циялык ведомстволор |
| Мамлекеттик, мамлекет аралык жана эл аралык программалар менен пландардын мониторинги | ||||
| 2.31 | Өнүгүүнүн Комплекстүү Негиздери, Жакырчылыкты Жоюунун Улуттук Стратегиясы программалар, Гендерлик теңчиликке жетүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы, "Айыл мектеби", "Айылдын комплекстүү өнүгүүсү" ж.б. программаларды ишке ашыруунун жүрүшүн маалымат менен камсыз кылуу | Көрсөткүч- төр системасы, тажрыйбалык кыймыл | дайыма | Кыргыз Респуб- ликасынын Улстаткомитети министрликтер, ведомстволор |
| 2.32 | Көз каранды эмес Мамлекеттердин Шериктештигинин, ЕврАзЭСтин чегинде мамлекет аралык милдеттенмелерди маалымат менен камсыз кылуу | Көрсөткүч- төр системасы, тажрыйбалык кыймыл | дайыма | Улстаткомитет, министрликтер, ведомстволор |
| 2.33 | БУУ сунуш кылган конвенцияларды, Миң Жылдыктын Өнүгүү Максаттарын (МӨМ) ишке ашыруу боюнча милдеттерди, туруктуу өнүгүүнүн жетишкендиктерин, өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдарды ишке ашыруу боюнча милдеттерди маалыматтык камсыз кылуу | Көрсөткүч- төр системасы, тажрыйбалык кыймыл | дайыма | Улстаткомитет, министрликтер, ведомстволор |
| Маалыматтарды басып чыгаруу жана таркатуу. Маалыматтарды жана метамаалыматтарды башкаруу | ||||
| 2.34 | Улуттук Статистикалык Кеңешти түзүү | Тажрыйбалык кыймыл | 2006-ж. | Улстаткомитет, министрликтер, ведомстволор |
| 2.35 | Электрондук өз байланыштын учурдагы каражаттарынын негизинде статистикалык маалыматтарды таркатуунун системасын өркүндөтүү | Тажрыйбалык кыймыл | дайыма | Улстаткомитет |
| 2.36 | Статистикалык продукцияны таркатуу жана керектөөчүлөр менен иш жүргүзүү тармагында саясатты иштеп чыгуу | Маалымат- тарды таркатуу саясаты | 2006-ж. | Кыргыз Респуб- ликасынын Улстаткомитети |
| 2.37 | Маалыматтарды таркатуунун атайын стандарттарына ылайык статистикалык көрсөткүчтөрдүн метамаалыматтарынын системасын кеңейтүү | Метамаалым- аттардын системасы | дайыма | Улстаткомитет |
| 2.38 | Массалык маалымат каражаттары менен өз ара байланышты жакшыртуунун негизинде статистикалык маалыматтын ачыктыгын жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу | Тажрыйбалык кыймыл | дайыма | Улстаткомитет |
| 2.39 | Маалыматтык база системасын башкаруу боюнча уюштуруу-методологиялык чараларды иштеп чыгуу | Тажрыйбалык кыймыл | 2007-ж. | Улстаткомитет |
| 2.40 | Эл аралык талаптарга ылайык статистикалык жыйнактардын жана тейлөөлөрдүн басылып чыккан каталогун жакшыртуу | Басылмалар- дын каталогу | Жыл сайын | Улстаткомитет |
| Маалыматтык технологияларды жакшыртуу | ||||
| 2.41 | Маалыматтык системаны өнүктүрүү боюнча техникалык-технологиялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке киргизүү стратегиясын иштеп чыгуу | Уюштуруучу иш чаралар | 2006-ж. | Улстаткомитет, Транспорт жана коммуникация министрлиги, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
| 2.42 | Түйүндүк инфраструктураны, корпоративдик түйүндү долбоорлоштуруу жана кеңейтүү, аны администрациялоо | Түйүндү модерниза- циялоо | дайыма | Улстаткомитет, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
| 2.43 | Маалыматты электрондук түрдө көрсөтүүнүн учурдагы каражаттардын негизинде статистикалык маалыматтарды таркатуу системасын түзүү | Тажрыйбалык кыймыл | 2006-ж. | Улстаткомитет, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
| 2.44 | Респонденттерден (ээлик кылуучу субъектилерден) электрондук түрдө алгачкы статистикалык маалыматты чогултууну уюштуруу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу | Чаралардын комплекси | 2007-ж. | Улстаткомитет, Транспорт жана коммуникация министрлиги, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
| 2.45 | Улстаткомитеттин Web-citeтынын жаңы түрүн иштеп чыгуу | Модерниза- циялоо | 2007-ж. | Улстаткомитет |
| 2.46 | Статистикалык маалыматтарды иштеп чыгууга жана ведомстволор аралык өз ара байланышка "клиент-сервер" технологиясын ишке киргизүү | Программа- лык камсыз кылуу, тажрыйбалык кыймыл | 2009-ж. | Улстаткомитет |
| 2.47 | Статистикалык максаттарда Географиялык маалыматтык системасынын (ГМС) технологияларын ишке киргизүүнүн программа- лык-методологиялык камсыз кылууну иштеп чыгуу | Тажрыйбалык кыймыл | 2006-2009- жж. жана андан ары | Улстаткомитет, эл аралык уюмдар |
| 2.48 | Бардык деңгээлдеги статистикалык кызматтарды модернизациялоо жана керектүү деңгээлге чейин компьютерлик, адистештирилген программалык-техникалык жабдуу менен камсыз кылуу | Тажрыйбалык кыймыл | дайыма | Улстаткомитет, жергиликтүү администрация- лар, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
| Кесиптик деңгээлин жогорулатуу | ||||
| 2.49 | Керектөөчүлөрдү жана респонденттерди окутуу стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | Окутуунун стратегиясы | 2006-ж. | Улстаткомитет |
| 2.50 | Статистикалык кадрларды окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу программасын иштеп чыгуу | Окутуунун программасы | 2006-ж. | Улстаткомитет |
| 2.51 | Керектөөчүлөрдүн талаптарын аныктоодон баштап статистикалык маалыматты таркатууга чейин ар кандай аспектилер боюнча туруктуу негизде семинарларды өткөрүү | Семинар- ларды өткөрүү планы | дайыма | Улстаткомитет |
| 3. Экономикалык статистика. Улуттук Эсептөө системасы | ||||
| 3.1 | Маалыматтык базасынын өзгөрүшүнө ылайык Улуттук Эсептөө системасынын көрсөткүчтөрүн чегерүү методикасын актуалдаштыруу | Методика, тажрыйбалык кыймыл | дайыма | Улстаткомитет |
| 3.2 | Улуттук эсепти түзүү методологиясын экономиканын институционалдык секторлор боюнча карап чыгуу | Методикалык документтер | дайыма | Улстаткомитет |
| 3.3 | Кварталдык улуттук эсепти чегерүү методологиясын ишке киргизүү | Методология | 2007-ж. | Улстаткомитет |
| 3.4 | Эл аралык стандартка ылайык "Чыгым-Чыгаруу" таблицаларды түзүү үчүн маалыматтык базаны өркүндөтүү | Мамлекеттик статисти- калык отчеттуу- луктун формалары | 2007-ж. | Улстаткомитет |
| 3.5 | Улуттук кенчтин көрсөткүчтөрүн эсептөө методикасын жана методологиясын иштеп чыгуу | Методология | 2007-ж. | Улстаткомитет |
| 3.6 | Кыргыз Республикасынын статистикалык тажрыйбасына чектелген товарлар менен тейлөөлөр боюнча соода агымынын ыкмасын ишке киргизүү | Ыкманы ишке киргизүү | 2008-ж. | Улстаткомитет |
| 3.7 | "Чыгым-Чыгаруу" таблицаларды эсептөө методикасын иштеп чыгуу | Эсептөө методикасы | 2008-ж. | Улстаткомитет |
| 3.8 | Чектелген маалыматтык база шартында Улуттук Эсептөө Системасынын жыл ичиндеги көрсөткүчтөрүн моделдештирүү алгоритмин иштеп чыгуу | Уюштуруучу иш чаралар | 2009-ж. | Улстаткомитет |
| 3.9 | Негизги каражаттарды баалоо методологиясын жана методикасын өркүндөтүү | Методология | 2009-ж. | Улстаткомитет, министрликтер, ведомстволор |
| Баалардын статистикасы | ||||
| 3.10 | Индекс менен камтылбаган айрым секторлордун баалары боюнча иштеп чыгууларды мүмкүн болушунча кеңейтүү үчүн тейлөөлөрдү каттоодон алынган маалыматтарга баа берүү жана талдоо | Талдоо жана баа берүү | 2006-ж. | Улстаткомитет |
| 3.11 | Баалар боюнча статистикалык базаны түзүүнү өркүндөтүү, байкоо жүргүзүүнү кеңейтүү | Маалыматтык база | 2008-ж. | Улстаткомитет |
| 3.12 | Эсептин сапатын камсыз кылуучу утурумдук түзөтүү киргизүү методикасын иштеп чыгуу | Методика | 2009-ж. | Улстаткомитет, Улуттук банк (макулдашуу боюнча) |
| Айыл чарба, аңчылык, токой жана балык чарбасынын статистикасы | ||||
| 3.13 | Айыл чарба өндүрүшү менен алектенген ээлик кылуучу субъектилердин тармактык регистрин түзүү боюнча уюштуруу чараларды иштеп чыгуу | Тажрыйбалык кыймыл | 2006-ж. | Улстаткомитет |
| 3.14 | Айыл чарбада тандалма изилдөөнүн статистика тармагына эл аралык тажрыйбаны ишке киргизүү | Чогултуу ыкмасы | 2006-ж. | Улстаткомитет |
| 3.15 | Айыл чарбадагы баалардын паритетин аныктоо үчүн тандалма изилдөөлөрдү уюштуруу | Уюштуруу иш чаралар | 2006-ж. | Улстаткомитет Айыл жана суу чарба министрлиги |
| 3.16 | Асыл тукумдуу малды өстүрүүчү чарбанын статистикасын уюштуруу, токой жана балык чарба статистиканы жакшыртуу | Тажрыйбалык кыймыл | 2007-ж. | Айыл жана суу чарба министрлиги менен Улстаткомитет, Мамлекеттик токой кызматы, балык чарбасынын департаменти |
| 3.17 | Жерди колдонуу жана айыл чарба товарларды өндүрүүчүлөрдүн курамдык статистикасынын "Country Stat" маалыматтык базасын иштеп чыгууну жана киргизүүнү камсыз кылуу | Айыл чарба боюнча маалыматтык базасы | дайыма | Улстаткомитет |
| 3.18 | Айыл чарбада нарктык көрсөткүчтөр системасын өркүндөтүү | Тажрыйбалык кыймыл | 2008-ж. | Улстаткомитет |
| 3.19 | "Кыргыз Республикасында айыл чарбалык каттоону жүргүзүү боюнча методологиялык жана уюштурулуучу жобону" басып чыгаруу | Жыйнак | 2006-ж. | Улстаткомитет |
| 3.20 | Кыргыз Республикасында айыл чарбанын кезектеги каттоосун өткөрүү программасын иштеп чыгуу | Каттоонун программасы | 2009-ж. | Улстаткомитет |
| Өнөр жайдын статистикасы | ||||
| 3.21 | Экономика тармактарында, тейлөө көрсөтүүнү кошкондо, илимий жана инновациялык ишмердикке статистикалык изилдөө жүргүзүүнүн программасын жана методологиясын иштеп чыгуу | Методология | 2007-ж. | Улстаткомитет, министрликтер, ведомстволор |
| 3.22 | Жеке ишкерлерди эсепке алууну жакшыртуу, "байкалбаган" өндүрушкө изилдөө жүргүзүү | Жүргүзүлгөн эсеп | 2006-2009- жж. | Улстаткомитет, министрликтер, ведомстволор |
| 3.23 | Аймактык деңгээлде физикалык көлөмдүн индексин эсептөө методологиясын жакшыртуу | Тажрыйбалык кыймыл | 2007-ж. | Улстаткомитет |
| 3.24 | Экономикада энергиялык ресурстарды колдонуу коэффициентин эсептөө үчүн Европа Союзунун өлкөлөрүндө колдонулган индикаторду өздөштүрүү | Эсеп | 2008-ж. | Улстаткомитет |
| Инвестициялардын жана курулуштун статистикасы | ||||
| 3.25 | Төлөө балансынын методологиясына ылайык тике чет өлкөлүк инвестициялардын статистикасы боюнча маалыматтык базаны түзүү | Маалыматтык ресурстар | 2006-ж. | Улстаткомитет, Улуттук банк (макулдашуу боюнча) |
| 3.26 | Райондук (шаардык) деңгээлде тике чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча маалыматтык базаны түзүү боюнча программалык-методология- лык камсыз кылууну иштеп чыгуу | Тажрыйбалык кыймыл | 2006-ж. | Улстаткомитет |
| 3.27 | Европа Союзунун эл аралык стандарттарына ылайык тике чет өлкөлүк инвестицияларды эсепке алууну жакшыртуу | Изилдөө | 2007-ж. | Улстаткомитет, ТАСИС программасы |
| 3.28 | Курулушка заказдардын көлөмүнө баа берүү жана аларды божомолдоо үчүн маалыматтарды чогултуунун жаңы механизмдерин ишке киргизүү | Тажрыйбалык кыймыл | 2008-ж. | Улстаткомитет |
| 3.29 | Курулуш-монтаждык иштерге болгон баалардын индексинин жаңы моделин түзүү | Эсеп | 2006-ж. | Улстаткомитет |
| Тейлөө чөйрөсу | ||||
| 3.30 | Соода, мейманкана чарбасы, автомобилге май куюучу станциялар, туризм жана тейлөө чөйрөсүндө каттоону өткөрүү | Уюштуруучу иш чаралар | 2007-2009- жж. | Улстаткомитет, жергиликтүү мамадмини- страциялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, министрликтер, ведомстволор (макулдашуу боюнча) |
| 3.31 | Эл аралык стандарттарга ылайык транспорттун физикалык көлөмүнүн жана сооданын чекене товар жүгүртүүсүнүн индекстерин эсептөө методикасын иштеп чыгуу | Эсептөө методикасы | 2007, 2008-жж. | Улстаткомитет |
| 3.32 | Ишмердиктин түрлөрү боюнча тейлөө көлөмүнө баа берүү менен байланышкан методологиялык сунуштарды иштеп чыгуу | Методоло- гиялык сунуштар | 2008-ж. | Кыргыз Респуб- ликасынын Улстаткомитети |
| 3.33 | Үй чарбаларда, жалпы билим берүүчү мектептерде, мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө маалыматтык-коммуника- циялык технологияларды колдонууга тандалма изилдөөнү ишке киргизүү | Тажрыйбалык кыймыл | 2006, 2008-жж. | Улстаткомитет |
| 3.34 | Акциздердин алдындагы товарлардын айрым түрлөрүн сатууга тандалма изилдөө жүргүзүү | Тажрыйбалык кыймыл | 2009-ж., | Улстаткомитет, жергиликтүү мамадминистра- циялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) |
| Ишканалардын статистикасы жана финансы статистикасы, чакан ишкерчиликти кошкондо | ||||
| 3.35 | Администрациялык маалыматтарды статистикалык максатта колдонуу системасын иштеп чыгуу | Эсептөөнүн методикасы | 2008-ж. | Улстаткомитет, министрликтер, ведомстволор |
| 3.36 | Юридикалык жактар үчүн пайда салыгы боюнча Декларациянын жана жеке адамдар үчүн киреше салык боюнча абдан майда ишканалардын, салык органдарына көрсөтүлүүчү бухгалтердик отчеттордун экономикалык көрсөткүчтөрүн эсептөө методикасын даярдоо | Методика | 2008-ж. | Улстаткомитет, министрликтер, ведомстволор |
| 3.37 | Ишканалардын финансы статистикасынын айрым көрсөткүчтөрүн эл аралык стандарттарга ылайык Улуттук Эсептөө Системасынын керектөөлөрүнө шайкеш келтирүү | Мамлекеттик статистика- лык отчет- туулуктун формалары | 2006-2008- жж. | Улстаткомитет, Финансылык рынокту көзөмөлдөө кызматы мамагентствосу |
| Тышкы сооданын жана энергетикалык ресурстардын статистикасы | ||||
| 3.38 | Отун-энергетикалык балансты иштеп чыгуу | Чыгуучу таблицалар | 2006-ж. | Улстаткомитет |
| 3.39 | БУУнун сунуштарына ылайык сооданын атайын системасы (САС) боюнча тышкы соода статистиканы иштеп чыгуу | Чыгуучу таблицалар | 2007-ж. | Улстаткомитет |
| 3.40 | КМШ өлкөлөрү менен дүйнөнүн калган өлкөлөрүнүн негизги өнөктөрүнүн ортосунда күзгүдөй салыштыруу үчүн товарлардын тышкы соодасы боюнча билдирүүлөр менен маалыматтык алмашууну уюштуруу | Тажрыйбалык кыймыл | дайыма | Мамбажыком, Улстаткомитет |
| 3.41 | Бүтүмдөрдүн түрлөрү боюнча тышкы соода статистикасын калыптандыруу (эркин конвертацияланган валютага, улуттук валютага, бартердин ж.б. эсебинен) | Програм- малык камсыз кылуу, чыгуучу таблицалар | 2006-ж. | Улстаткомитет |
| 3.42 | Жүк ташуучу бажы декларациялардын жалпы базасында болгон тышкы соода статистикасы боюнча маалыматтарды түзүүнү камсыз кылуу | Техникалык тапшырма жана програм- малык камсыз кылуу | 2007-ж. | Улстаткомитет |
| 3.43 | Эл аралык тажрыйбага ылайык өлкөнүн отун-энергетикалык балансын эсептөө боюнча методологиялык жобону иштеп чыгуу | Методология | 2007-ж. | Улстаткомитет, Өнөр жай, соод жана туризм министрлиги |
| 3.44 | Жеке адамдардын экспорттук-импорттук операцияларын аймактык тилкеде калыптандыруучу методиканы иштеп чыгуу | Методика | 2008-ж. | Мамбажыком Улстаткомитет |
| 3.45 | Бажы статистикасы тарабынан эсепке алынбаган, тышкы сооданын көлөмүн эсепке алуу боюнча методологиялык сунуштарды жакшыртуу | Эсептөө методикасы | 2009-ж. | Улстаткомитет, Улуттук банк (макулдашуу боюнча) |
| 3.46 | Импорттолуучу товарларда транспорттук жана камсыздандыруу чыгымдарынын үлүшүн аныктоо үчүн бажы наркынын декларацияларын карап чыгуу үчүн автоматташтырылган системаны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | Програм- малык камсыз кылууну иштеп чыгуу, чыгуучу таблица- ларды түзүү | 2009-ж. | Мамбажыком |
| 4. Социалдык статистика | ||||
| Демографиялык статистика жана калкты каттоо | ||||
| 4.1 | Мигранттардын жарандыгы менен байланышкан, калктын эл аралык миграциясынын көрсөткүчтөрүн актуалдаштыруу | Көрсөткүч- төр системасы | 2006-ж. | Улстаткомитет, министрликтер, ведомстволор |
| 4.2 | Калктын өлүмүнүн себептеринин аныктамалары, жазуулардын эрежелери жана коддоштуруусу Оорулардын Эл аралык Классификациясына (ОЭК-10) толук бойдон ылайык келүүгө Кыргыз Республикасынын өтүүсүн камсыз кылуу | Ишке киргизилген аныктамалар | 2007-ж. | Улстаткомитет, Саламаттыкты сактоо министрлиги |
| 4.3 | Калктын миграциясынын эл аралык агымын маалыматтык камсыз кылууга багытталган иш чаралар системасын уюштуруу | Миграциялык карталарды ишке киргизүү | 2007-ж. | Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу боюнча мамкомитети, Улстаткомитет, министрликтер, ведомстволор |
| 4.4 | Калктын санын эсептөө методикасын жакшыртуу | Методика | 2007-ж. | Улстаткомитет |
| 4.5 | 2009-ж. эл каттоону жүргүзүү боюнча уюштуруучулук жана методологиялык чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | Тажрыйбалык кыймыл | 2006-2009- ж. | Улстаткомитет, министрликтер, ведомстволор, облрайшаармам- администра- циялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) |
| Эмгек рыногунун статистикасы | ||||
| 4.6 | Район, шаар жана айыл өкмөтүнүн деңгээлинде калктын иш менен камсыздуулугу жана жумушсуздугу боюнча маалыматтардын кеңейтилишин уюштуруу жана методологиясын камсыз кылуу | Иш менен камсыз- дуулук жана жумушсуздук боюнча кеңейтилген маалыматтар | 2006-ж. | Улстаткомитет, Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу боюнча мамкомитет, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
| 4.7 | Экономика тармактарында жана макро деңгээлде иш менен камсыздуулук жана иштөө убакыты жөнүндөгү маалыматтардын негизинде УЭС чегинде товарды өндүрүүгө жана тейлөө көрсөтүүгө кеткен эмгектин жалпыланган чыгымдын эсептөө методологиясын иштеп чыгуу | Методология | 2007-ж. | Улстаткомитет |
| 4.8 | Дыйкан (фермер) чарбаларында калктын иш менен камсыздуулугун эсептөө методикасын даярдоо | Эсептөө методикасы | 2007-ж. | Улстаткомитет |
| 4.9 | Эмгек миграциясы жөнүндө маалыматты чогултууну жакшыртуунун негизги багыттарын иштеп чыгуу | Изилдөөнүн программасы жана инструмен- тарийи | 2008-ж. | Улстаткомитет, Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу боюнча мамкомитет, жергиликтүү мамадминистра- циялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
| Үй чарбалардын кирешелери менен чыгымдарынын статистикасы, калктын бейкутчулугу жана жакырчылыгы | ||||
| 4.10 | Үй чарбаларына изилдөө жүргүзүүдөн улам алынган маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу процедурасын жакшыртуу | Тажрыйбалык кыймыл | дайыма | Улстаткомитет |
| 4.11 | Үй чарбаларды изилдөөгө катыштыруу | Тажрыйбалык кыймыл | дайыма | Улстаткомитет, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
| 4.12 | Жакырчылыкгын чегин аныктоочу улуттук методологияны иштеп чыгуу | Методология | 2006-ж. | Улстаткомитет, Бүткүл дүйнөлүк Банк (макулдашуу боюнча) |
| 4.13 | Балдардын жакырчылыгын мүнөздөөчү көрсөткүчтөрдүн тобун кеңейтүү | Балдардын жакырлыгы боюнча индикатор- лордун өркүндө- түлгөн тобу | 2006-ж. | Улстаткомитет, ЮНИСЕФ |
| 4.14 | Материалдык эмес жакырчылыкты мүнөздөгөн критерийлерди аныктоо жана көрсөткүчтөрдүн тобун түзүү | Көрсөткүч- төрдүн критерий- лери жана эсеби | 2006-ж. | Улстаткомитет, Бүткүл дүйнөлүк Банк |
| 4.15 | Калктын социалдык жагынан бөлүнүшүнүн акчалай эмес көрсөткүчтөрдүн жыйынтыктары боюнча ишти улантуу үчүн концептуалдык жана методологиялык негиздерди иштеп чыгуу | Методоло- гиялык негиздер | 2007-ж. | Улстаткомитет, Бүткүл дүйнөлүк Банк |
| 4.16 | Үй чарбаларга интерграцияланган изилдөөнүн жыйынтыктарынын негизинде турак жайдан түшкөн шарттуу кирешеге баа берүү | Кирешеге баа берүү | 2007-ж. | Улстаткомитет эксперттик колдоо менен бирге |
| 4.17 | Кирешенин деңгээли боюнча калктын кирешеси менен дифференциациялоо көрсөткүчтөрүн бөлүштүрүүгө баа берүү ыкмаларын жакшыртуу | Эсептөө ыкмаларын жакшыртуу | 2008-ж. | Улстаткомитет |
| Гендерлик жагынан бөлүнгөн статистика | ||||
| 4.18 | Статистикалык маалыматтарды чогултуу жана таркатуунун жүрүшүндө гендерлик айырмачылыктарын өлчөө процедурасын жакшыртуу | Гендерлик аспектидеги метамаалы- маттар | 2006-ж. баштап дайыма | Улстаткомитет, ЮНИФЕМ (макулдашуу боюнча), министрликтер, ведомстволор |
| 4.19 | Өлкөнүн деңгээлинде саясат үчүн маанилүү болгон, эркектер менен аялдардын абалы тууралуу маалыматтарды иштеп чыгуу | Тажрыйбалык кыймыл | 2006-ж. баштап туруктуу түрдө | Улстаткомитет, ЮНИФЕМ (макулдашуу боюнча) |
| Билим берүү, саламаттыкты сактоо, турак жапдып статистикасы. Кылмыштуулуктун жана жазага тартуунун статистикасы | ||||
| 4.20 | Калкка тейлөө көрсөтүүчү, саламаттыкты сактоо, маданият, билим берүүнүн мамлекеттик эмес секторуна статистикалык байкоо жүргүзүүнүн методологиясын жакшыртуу | Методика | 2006-ж. баштап | Улстаткомитет, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Маданият министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги |
| 4.21 | Билим берүүнүн эл аралык стандарттык классификациясын (БЭСК) мындан ары ишке киргизүү шартында билим берүүнүн улуттук статистикасын адаптациялоо | Методоло- гия, инструмен- тарийлер | 2006-ж. баштап | Улстаткомитет, Билим берүү жана илим министрлиги |
| 4.22 | Кылмыштуулук жана жазага тартуунун статистикасы боюнча көрсөткүчтөр системасын макулдашуу | Көрсөткүч- төрдүн статистика- лык системасы | 2006-ж. баштап | Улстаткомитет, ИИМ, Сот департаменти, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) |
| 4.23 | "Айыл мектеби", "Айылдын комплекстүү өнүгүшү" Улуттук программалардын мониторингин камсыз кылуу | Көрсөткүч- төрдүн метамаалы- маттары, эсептөөнүн методикасы | 2006-ж. | Улстаткомитет |
| 4.24 | Турак жай фондусунун болушу жана ыңгайлуулуктары жөнүндө маалыматтардын администрациялык булактарын колдонуу системасын иштеп чыгуу. Улуттук программаларга ылайык келтирүү максатында турак жай фонду боюнча статистикалык байкоону жана коммуналдык чарба ишмердигин жакшыртуу | Методоло- гия, инструмен- тарийлер, тажрыйбалык кыймыл | 2007-ж. | Мамрегистр, Улстаткомитет, жергиликтүү мамадминистра- циялар |
| 4.25 | Окуу жайларга барбай жүргөн мектеп курагындагы балдарга статистикалык байкоо жүргүзүү системасын иштеп чыгуу | Методоло- гия, инструмен- тарийлер | 2008-ж. | Улстаткомитет, Билим берүү жана илим министрлиги |
| 4.26 | Эл аралык стандарттарды (МКБ-10) эсепке алуу менен бирге ооруу-сыркоо боюнча статистикалык маалыматтарды калыптандырууга методологиялык ыкмаларды статистикалык тажрыйбага киргизүүнү камсыз кылуу | Уюштуруучу иш чаралар | 2008-ж. | Улстаткомитет, Саламаттыкты сактоо министрлиги |
| Экологиялык статистика | ||||
| 4.27 | Эл аралык стандарттарга жана классификацияларга ылайык жаратылышты коргоо чыгымдарын эсепке алуу үчүн маалыматтарды чогултуу методологиясын уюштуруу | Методология жана эсепти уюштуруу | 2006-ж. | Улстаткомитет |
| 4.28 | Глобалдуу экологиялык конвенцияларды ишке ашыруу боюнча милдеттенмелерди аткаруу максатында потенциалды күчөтүү үчүн жана туруктуу өнүгүүгө жетүү үчүн статистикалык отчеттуулук системасын модернизациялоо | Методоло- гия, инструмен- тарийлер Уюштуруучу иш чаралар | 2009-ж. | Улстаткомитет, министрликтер, ведомстволор |
| 5. Программанын мониторинги | ||||
| 5.1. | Программанын мониторинги | Иш тууралуу отчет | Квартал сайын | Улстаткомитет |
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №199 "2010-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистикасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү" ПРОГРАММАСЫПрограмма · 30.03.2010 · № 199
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 30.09.2013 · № 530
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 30.09.2013 · № 530
- Постановление Правительства КР от 11 декабря 2000 года N 731 " О Программе развития статистики в Кыргызской Республике на 2001-2005 годы"Постановление · 11.12.2000 · № 731 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик статистика жөнүндөЗакон · 26.03.2007 · № 40 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.