# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 210 "Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 210 "Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96289>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17078/edition/545913/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96289.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 210 "Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (27.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96289

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2014-жылдын 11-апрели № 210 Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди берүүнүн жол-жоболорун тартипке салуу жана автоунаа каражаттарынын ээлерин идентификациялоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобо бекитилсин.

2. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 649 “Автотранспорт каражаттарга мамлекеттик каттоонун жеке (ысымдуу) номердик белгилерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2014-жылдын 15-апрелинде № 28 саны менен жарыяланды

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмү бөлүмүнө жүктөлсүн.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
