Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча Мамлекеттик комиссия жөнүндө жобо» (Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 25 мая 2011 года № 241 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-05-25.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы № 241 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы № 129 токтому менен бекитилген
2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана
жабыр тарткандардын туугандарына социалдык
колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча
Мамлекеттик комиссия жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 230 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Комиссиянын иштөө тартибин, ошондой эле 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына материалдык жардам көрсөтүү үчүн атайын эсептеги каражаттарды пайдаланууну жөнгө салат.
2. 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча Мамлекеттик комиссия (мындан ары - Комиссия) курман болгондордун, жаракат алгандардын жана жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүндө пайда болгон социалдык проблемаларды чечүү, мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер, фонддор, жарандык секторлор тарабынан аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн түзүлөт.
3. Комиссия 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык жактан колдоо боюнча мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдерди координациялоо жана алардын аткарылышын контролдоо боюнча коомдук башталышта аракеттенген коллегиялуу орган болуп саналат.
4. Комиссия өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле ушул Жобонун негизинде жүзөгө ашырат.
II. Комиссиянын милдеттери
5. Төмөндөгүлөр Комиссиянын милдеттери болуп саналат:
- аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, коомдук бирикмелер, фонддор менен 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарынын социалдык проблемаларын чечүү жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоо боюнча өз ара аракеттенүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген кайрымдуулук акцияларын, башка иш-чараларды уюштуруу аркылуу жер-жерлерде пайда болгон проблемаларды жана милдеттерди чечүүдө практикалык жардамдарды көрсөтүү.
III. Комиссиянын функциялары
Комиссия төмөндөгүдөй функцияларды ишке ашырат:
- 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык жактан колдоо жаатында мамлекеттик саясатты жана аны жүзөгө ашырууну аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына жардам көрсөтүү маселесинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын, жарандардын өз ара алакасын координациялайт;
- чет өлкөлүк мамлекеттик эмес органдар жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет;
- жарандардын, уюмдардын жана мекемелердин кайрылууларын, каттарын жана арыздарын карайт;
- курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык жактан колдоо боюнча коомдук жана башка уюмдардын иштерине жардам көрсөтөт;
- курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарынын социалдык проблемаларын иликтеп чыгат жана болжолдойт, корутундуларды жана сунуштарды даярдайт жана аларды милдеттүү түрдө кароо үчүн тийиштүү аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберет.
IV. Комиссиянын ыйгарым укуктары
7. Комиссия төмөндөгүлөргө укуктуу:
- курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык жактан колдоо маселеси боюнча мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан белгиленген тартипте тийиштүү маалыматтарды суроого;
- курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык жактан колдоо боюнча иш-чараларды кабыл алуу үчүн мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгиленген тартипте тийиштүү маалыматтарды берүүгө;
- Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдар жана уюмдар менен кызматтык кат алышууларды жүргүзүүгө;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин, диний конфессиянын жана эл аралык уюмдардын катышуусу менен иш-чараларды өткөрүүгө;
- курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык жактан колдоо маселеси боюнча министрликтердин, ведомстволордун жана башка уюмдардын коллегияларынын жыйындарына катышууга;
- Комиссиянын жыйындарын өткөрүүгө жана ага мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн чакырууга, ошондой эле Комиссиянын жыйынынын күн тартибиндеги маселелер боюнча аларды угууга.
8. Комиссиянын чечимдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери аркылуу ишке ашырылат жана милдетүү түрдө аткарылууга жатат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 230 токтомунун редакциясына ылайык)
V. Топтоо булактары
9. Атайын эсепте топтоо төмөндөгүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- жеке жана юридикалык жактардын, аны ичинде чет өлкөлүк жактардын кайрымдуулук төгүмдөрүнүн жана жардамдарынын;
- эл аралык жана башка уюмдардын максаттуу гранттарынын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кайрымдуулук акцияларын, башка иш-чараларды өткөрүүнүн.
VI. Атайын эсептеги каражаттарды пайдалануунун тартиби
10. Атайын эсептеги каражаттар максаттуу багыттарга ээ жана 2010-жылдын 6-7-апрелинде болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык жактан колдоо үчүн бир жолку төлөм иретинде гана пайдаланылат.
Атайын эсептеги каражаттарды башка максаттар үчүн пайдаланууга жол берилбейт.
11. Атайын эсептен каражаттарды бөлүү жөнүндөгү чечим билдирмелерди кароонун натыйжасы боюнча кабыл алынат:
- 50000 сомго чейинки өлчөмдө - Комиссия тараптан;
- 50000 сомдон жогору өлчөмдө - Комиссиянын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тараптан.
Билдирме курман болгон жана жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын туугандары тарабынан Комиссияга берилет. Билдирмени жол-жоболоштуруунун, берүүнүн тартиби жана каржылоо комиссия тарабынан аныкталат. Атайын эсептен каражаттарды бөлүү жөнүндө Комиссиянын чечими Комиссиянын курамынын жалпы санынын көпчүлүк жөнөкөй добушу менен кабыл алынат. Кабыл алынган чечимге макул эмес Комиссиянын мүчөсү тийиштүү түшүндүрмө жазуу менен өзгөчө пикирин билдирүүгө укуктуу. Комиссиянын чечимине Комиссиянын мүчөлөрү кол коет жана тийиштүү чечим даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлөт. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 230 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же Комиссиянын чечимдеринин негизинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгы:
- тийиштүү министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте атайын эсептен чыгымдарды жүргүзүү үчүн тийиштүү документтерди даярдайт;
- төлөм документтерин жол-жоболоштурат;
- Комиссиянын чечимин аткаруу үчүн текшерүүлөрдү жана башка иш-чараларды жүргүзөт;
- атайын эсептеги акча каражаттарынын кыймылынын эсебин жүргүзөт жана зарыл болгон учурда атайын эсептеги каражаттарды пайдалануу тууралуу отчет даярдайт.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 230 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Атайын эсептеги каражаттарды максаттуу пайдалануу үчүн көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүзөгө ашырат.
14. Атайын эсептеги каражаттарды пайдалануу тууралуу маалыматтар Комиссия тарабына ай сайын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
VII. Комиссиянын түзүмү жана иши
15. Комиссия 15 мүчөдөн турат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнөн, мамлекеттик органдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнөн жана жарандардан, курман болгондордун туугандарынан, жабыр тарткандан түзүлөт жана өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
16. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Комиссиянын төрагасы болуп саналат. Комиссиянын төрагасынын 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун туугандарынын ичинен жана жабыр тарткандардын ичинен эки орун басар болот. Комиссиянын төрагасынын орун басарлары Комиссия мүчөлөрүнүн ичинен, жыйынга катышкандардын көпчүлүк добушу менен Комиссиянын жыйналышында шайланат.
Комиссиянын төрагасы жок учурда анын милдетин орун басары аткарат. Комиссиянын өздүк курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 230 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Комиссия өз ишин жыйналыштарды өткөрүү жолу менен жүргүзөт, жыйналыштар зарылчылыкка жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес жана комиссиянын төрагасы бекиткен иш планга ылайык өткөрүлөт.
18. Эгерде жыйналышка Комиссиянын курамынын үчтөн экиси катышса, жыйналыштар укуктуу деп эсептелинет.
19. Комиссияны уюштуруучулук-методикалык жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Идеологиялык иштер жана коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнө жүктөлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25 - майындагы № 241 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.05.2011 · № 241
- КР УӨ 2010-жылдын 13-июлундагы №129 "2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик…Постановление · 13.07.2010 · № 129 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-сентябрындагы № 75-р (Материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражат бөлүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 13.09.2010 · № 75-р