# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96271>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17065/edition/1096147/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96271.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (06.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96271

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 19-марты № 173 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаментинин ишин регламенттештирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17 жана 25-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаментинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги бир айлык мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаментин юстиция органдарында белгиленген тартипте кайрадан мамлекеттик каттоодон өткөрүлүшүн камсыздасын;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаменти жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 173 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаментинин башкаруу СХЕМАСЫ (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
