# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 200 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чемимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 200 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чемимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 200
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96268>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17062/edition/760906/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96268.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 200 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чемимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96268

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 3-апрели № 200 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чемимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-январындагы № 26 "Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды "Интернет" түйүнүндө дарек катарында пайдалануу тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- мамлекеттик тилдеги тексттин аталышында жана биринчи пунктта "катарында пайдалануу" жана "катарында пайдалануунун" деген сөздөр "катары колдонуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды "Интернет" түйүнүндө дарек катарында пайдалануунун тартибинде:

мамлекеттик тилдеги тексттин аталышында жана тексттин 1-пунктунда "катары пайдалануу" жана "катарында пайдалануунун" деген сөздөр "катары колдонуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Биринчи вице-нремьер-министрдин милдетин аткаруучу, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Дж.К. Оторбаев
