# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 187 "Кыргыз Ресаубликасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 187 "Кыргыз Ресаубликасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 187
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.02.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96251>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17047/edition/616452/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96251.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.02.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 187 "Кыргыз Ресаубликасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (18.02.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96251

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 18-февралы № 72 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 28-марты № 187 Кыргыз Ресаубликасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Жаныбарларды идентификациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү максатында, "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргаз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жободо:

7-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкү мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын: "- жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо, чарбаларды каттоо, идентификацияланган жаныбарлардын кыймылынын эсебин алуу боюнча чаралардын комплексин уюштуруу жана жүргүзүү, Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү;".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен бирдикте эки айлык мөөнөттө зарыл болгон финансылык каражаттарды жана каржылоо булактарын аныктоо менен "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планын даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Дж.К. Оторбаев
