# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-мартындагы № 160 "Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын архиви жөнүндө, Борбордук эксперттик комиссия тууралуу жана мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын эксперттик комиссиясы жөнүндө болжолдуу жоболорду бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-мартындагы № 160 "Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын архиви жөнүндө, Борбордук эксперттик комиссия тууралуу жана мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын эксперттик комиссиясы жөнүндө болжолдуу жоболорду бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96239>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17035/edition/545331/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96239.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-мартындагы № 160 "Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын архиви жөнүндө, Борбордук эксперттик комиссия тууралуу жана мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын эксперттик комиссиясы жөнүндө болжолдуу жоболорду бекитүү тууралуу" токтому (18.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96239

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 18-марты № 160 Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын архиви жөнүндө, Борбордук эксперттик комиссия тууралуу жана мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын эксперттик комиссиясы жөнүндө болжолдуу жоболорду бекитүү тууралуу Документтердин тарыхый жана практикалык баалуулугун аныктоо, аларды мамлекеттик сактоого өткөрүп берүүгө даярдоо, "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык, аларды мамлекеттик сактоого өткөрүп берүүгө чейин сактоону уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын архиви жөнүндө Болжолдуу жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын борбордук эксперттик комиссиясы жөнүндө Болжолдуу жобо 2-тиркемеге ылайык;

- Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын эксперттик комиссиясы жөнүндө Болжолдуу жобо 3-тиркемеге ылайык.

2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул токтомдун 1, 2 жана 3-тиркемелерине ылайык жекече жоболорду белгиленген тартипте иштеп чыгышсын жана бекитишсин.

3. Менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга бул токтомдун 1, 2, жана 3-тиркемелерине ылайык жекече жоболорду белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана бекитүү сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги жана анын аймактык органдары мамлекеттик органдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка юридикалык жактарга архив жөнүндө жекече жоболорду иштеп чыгууга методикалык жардам көрсөтсүн.

5. "Кыргыз Республикасында архив ишинин абалы жана аны жакшыртуунун чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-апрелиндеги № 264 токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регионалдык өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
