# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Энергия" кыргыз илимий-техникалык борборунун маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Энергия" кыргыз илимий-техникалык борборунун маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96228>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17025/edition/714579/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96228.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Энергия" кыргыз илимий-техникалык борборунун маселелери жөнүндө" токтому (29.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96228

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 225 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 19-марты № 164 Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Энергия" кыргыз илимий-техникалык борборунун маселелери жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 851 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Энергия" кыргыз илимий-техникалык борбору жөнүндө жобо бекитилсин.

2. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 851 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 586 «Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика боюнча кыргыз илимий-техникалык борборунун маселелери» тууралуу токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
