Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Инвестициялар, оңдоо жана материалдык камсыздоо боюнча департаментти түзүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 13 октября 2017 года № 666 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики в сфере строительства"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-10-13.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 666 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 19-марты № 162 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Инвестициялар, оңдоо жана материалдык камсыздоо боюнча департаментти түзүү жөнүндө Билим берүү инфратүзүмдөрүн өнүктүрүү, башкаруу тутумун андан ары өркүндөтүү жана мамлекеттик, муниципалдык билим берүү уюмдарында финансы ресурстарынын натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 11 -беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Инвестициялар, ондоо жана материалдык камсыздоо боюнча департамент түзүлсүн.
2. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Инвестициялар, ондоо жана материалдык камсыздоо боюнча департамент жөнүндө жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүң 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу схемасы төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"Инвестициялар, оңдоо жана материалдык камсыздоо боюнча департамент".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 125 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүне кирет.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 2007-жылдын 13-апрелиндеги №125 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" ТоктомуПостановление · 13.04.2007 · № 125 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 119 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Инвестициялар, оңдоо жана материалдык камсыздоо боюнча департамент жөнүндө жобо" (Кыргыз Республикасынын…Постановление · 19.03.2014 · № 162 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 666 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курулуш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.10.2017 · № 666 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 119 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 2007-жылдын 13-апрелиндеги №125 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" ТоктомуПостановление · 13.04.2007 · № 125 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 666 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курулуш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.10.2017 · № 666 · Күчүн жоготкон