# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттикти түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттикти түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 158
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96217>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17014/edition/746183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96217.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттикти түзүү жөнүндө" токтому (14.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96217

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 549 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 18-марты № 158 Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттикти түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу процессин активдештирүүнү, аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 25-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Агенттик) түзүлсүн.

2. Тиркелген: Агенттик жөнүнде жобо бекитилсин.

3. Агенттиктин кызматкерлеринин штаттык санынын чеги 21 бирдик санында белгиленсин (тейлөө жана техникалык персоналды кошпогондо).

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 6-пунктундагы «340» жана «96» деген цифралар «361» жана «117» деген цифраларга тиешелүү түрдө алмаштырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин башкаруу схемасы төмөнкү мазмундагы позиция менен толукталсын:

«Инвестицияларды илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик».

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджета жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууда Агенттикти күтүүгө каражаттарды белгиленген тартипте караштырсын.

7. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги үч айлык мөөнөттө Агенттикти түзүү менен байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерди чечсин.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
