# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 137 "Жерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 137 "Жерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 137
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96209>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17006/edition/515935/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96209.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 137 "Жерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96209

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 17-марты № 137 Жерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык) Бардык деңгээлдеги мамлекеттик башкаруу органдарын, жеке жана юридикалык жактарды жер-кадастрдык маалыматтар менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык) ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген жерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) жөнүндө жобо бекитилсин.

2. "Кыргыз Республикасында жер кадастрын жүргүзүүнүн тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 2-декабрындагы № 659 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
