Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2012-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Атомдук энергияны тынчтык максатта пайдалануу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 17-марты № 153 "2012-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Атомдук энергияны тынчтык максатта пайдалануу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- «2012-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Атомдук энергияны тынчтык максатта пайдалануу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2012-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Атомдук энергияны тынчтык максатта пайдалануу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасыньш Жогорку Кенешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Атомдук энергияны тынчтык максатта пайдалануу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене. 2012-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Атомдук энергияны тынчтык максатта пайдалануу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө россиялык тарапка билдирсин. 3-берене. Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 11- июну № 4143-V «2012-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн…Постановление · 11.06.2014 · № 4143-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 11-июнундагы № 4142-V «2012-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн…Постановление · 11.06.2014 · № 4142-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 28-майындагы № 4082-V ""2012-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн…Постановление · 28.05.2014 · № 4082-V
Шилтеме берет (3)
- 2012-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Атомдук энергияны тынчтык максатында…Закон · 27.06.2014 · № 99
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон